Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Байлык кууган абышка тоок бакты


Иллюстрациялык сүрөт.

Коом алдыга өнүгүшү үчүн өз кемчилигин өзү сынга алып, өткөнү менен тамаша аркылуу коштошуусу керек. Бул ирет Мамыр Иминжановдун “Боржок” деген аңгемесине токтолмокчубуз.

Байкуш ноопаз

Мамыр Иминжановдун чыгармачылык өмүрү негизинен журналистикага арналып, көркөм чыгармачылыкка баса отуруп иштеген учуру болбоду деле окшойт. Анын алгачкы чыгармачылык “тушоосу” айтылуу “Чалкан” журналында кесилген.

Адабияттын мына ушул татаал жанрында ал бир нече китептерин чыгарды. “Боржок” – жазуучунун бул жааттагы типтүү туундуларынын бири. Учурунда көркөмдүк милдетин дурус дегидей өтөгөн чыгарма жаңы заман шартында өткөндүн кандайлыгын таасын көрсөтүп берчү айныксыз фактыга айланып, коммунисттик коомдун сынчысы болуп чыга келди.

Жазуучу келекеге алган каарманы өз мээнети менен турмуш кечирген, башкаларга пайдасы да, зыяны деле жок турмуш-тиричилигине тың адам катары көрүнөт.

Артык Экинчи дүйнөлүк согушка катышып келген, тынч заманда өз тиричилиги менен алек бир пенде. Анын кызык адаты бар эле. Оң көзү тартса сүйүнүп, сол көзү тартылып калганда этияттанып, бир нерсе болуп кетпесе экен деп коомайланып калчу. Башкалар сол көзү тартса сүйүнөт экен, Артыктыкы – оң көзү. Согуштан оор жараат алып экинчи топтогу майып болуп келген. Кан майдандан кайткандан кийин эки жылдай сельсовет, анан бригадир, эсепчи болуп иштеди.

Ишинен тез эле “шыпырылып калышынын” себеби Артык “ак молдого” жакын болчу. Андайда жумуш унутта калып, дүйнө түгөл Артык баарын таштап койчу. Кызматтардан сүрүлүп калгандан кийин анын колунан келген иши базардан мал алып-сатуу болуп, өзүнө ылайыктуу иш таап алган. Бирин сатып, экинчисин алып, аны багып, базарга даярдоо деле кыйла түйшүктүү жумуш экен. Оң көзү тартып калганда базарга алып барган ноопазы жакшы пулга өтүп, ал күнү үйүнө кубанычтуу келчү. Багылган букасын кымбатка сатып, ошол эле базардан арзаныраак мал алып, аны бакканга киришчү.

Ушу заманда катардагы иштердин бири катары саналып, турмуш-тиричилик өткөрүүнүн ыкмасына айланып калган соодагерчилик социализм заманында катуу кысымга алынчу. Мал алып, мал сатуу кылмыш катары саналчу. Артык мыйзамга туура келбеген иш жасап жатканын билчү, бирок да анын колунан келчү жумуш ушул болсо эмне кылмак. Сол көзү тарткан учурда букасын жетелеп базарды көздөй жөнөп калчу.

“Бул жолу оң көзү тарткан. Кала берсе көңүлү чоң олжонун алдын ала туйгандай элеп-желеп болгон. Таң жарышып, чочугандай аңдаштырса кудайдын кудурети оң жамбашы менен жатыптыр. Ошол калыбын бузбай шарт туруп жол тартты.

Несин айтасыңар. Чынында анын ноопазын алармандар аарыдай ороп калышты. Көктүккө салып тура берди. Далдалчылардын да анын колун бек кыскан бойдон: «Бар де, бар де эми», — деп силке беришип жан-алдары калбады. Ноопаздын наркы өзү ойлогондон да ашып кетти. Буга мулуңдай түшүп «Береке тап» кылды. Эзели мынчалык жолу болгон эмес чыгар. Кантсе да ал өзүнчө: «Ырыс-бакыт мени эле тооруп калганбы?», — деген ойго да кетти.

Артык ал күнү кем-карчын бүтүрүп, кайра мал базардан борго байлаганга дагы бир ноопаз сатып алган соң, жайбаракат топтон суурулуп чыга берди. Көчөдөн аны карылуу жигит каршы алып, бирге жүрүүнү өтүндү. Артынан ээрчитип алды. Көп баспай короого кирип барышты. Мына кызык. Ал жерде Артыктын эртең мененки саткан ноопазы да байлануу туруптур. Ага бүшүркөп көп ишене берген эмес эле, аларманын бул жолу милиционер формасында көрүп калды.

Капилеттен аңга туш келгендей селт дей түштү. Анан өзүнчө: «Капырай, көзүм жаңылыш тарткан бейм?» — деп күбүрөндү.”

Ушундай окуя. Уурулук кылбаса, базардан мал алып анысын семиртип, табына келгенде базарга алып барып сатып, кээде андан пайда көрүп, башка бир учурда мурдагы баасына чыкпай, иши кылып базар аркылуу оокат-тиричилигин жүргүзүп келаткан карапайым адам мыйзам торуна илинип соттолуп кетти. Байкуш Артык эми үч жыл базарына бара албайт.

Бөтөлкө чогултуу

Абактын үч жылын өтөп келгенден кийин Артык айылдык дүкөндүн кароолчусу болуп орношкон. Ал дүкөндүн жанындагы кичинекей бактын көлөкөсүндө керелден-кечке ичимдик ичип отургандар калтырып кеткен бош бөтөлкөлөрдү чогултуунун кыныгын алып калган. Айнек бөтөлкө 12 тыйындан кабыл алынат. Артык өзүнө жаңы жумушту түрмөдө жүргөндө эле болжоп койгон.

“Ал бул «постту» тиги түзөтүү лагеринде жүргөндө эле көздөгөн. Кайсы бир шаардагы стадиондун кароолу төрт-беш жылда эле жеңил машина сатып алат. Анткени стадиондун олтургучтарынын алдыларына таштап кеткен футбол күйөрмандарынын бош бөтөлкөлөрү эле бир-эки кап болчу экен. Ошондо бир айда… жылда… Ушул акылды ошондо уккан.

Артык дүкөнгө кароол болгон күндөн мектеп жашындагы эки баласына да иш табылды. Бирөөсү күндө атасына «жөлөк» болот. Балдары дүкөндүн айланасынан, өрүкзардан күн сайын отуз-кырктан бөтөлкө жыйнап келгенине ыраазы”.

Бул иш да аягына чыкпай, Артык машина ала албай калды. Анын себепкери социализмдин өзү болду окшойт. “Кайра куруу” тушунда арак табылгыс товарга айланды, кезек менен, кысылып-түртүшүп жүрүп, бир кишиге экиден ашуун сатылбасын жобосу чыккандан кийин Артыктын социализм заманындагы “бизнесине” да чекит коюлду. Байкуш аялы менен балдары андан акча сурай албай абдан нааразы эле. Мына эми акча да, жумуш да жок, дүкөн ичин таптаза тоноп кетишкендей текчелери бош калды. Мурдагыдай тыйын кадыресе акча болбой калды. Баалар асманга учуп, акчанын куну качып, чогулган бош бөтөлкөлөрдөн шыгырап чогулчу акча бир заматта жок болду.

Ошо бөтөлкө чогултуп машина алмак болуп жүргөндө ачуу менен баласынын көңүлүн оорутуп алган жайы бар. Бир мүшөк айнек бөтөлкөлөрдү көтөрүп келаткан уулу арыкты аттай коём деп жыгылып, алып келаткан бөтөлкөлөрүнүн көбү сынып, колун кесип кеткен. Апасы баласынын колунун кызыл жаян болуп калганын көрүп Артыкка атырылган. Акчасы менен жерге киргир, баланы ойлобойт экен го! Кандай да болсо дүйнө жыйыштын кызыгына батып калган Артык этият баспаган уулун урушканы ырас. Кийин эсептеп көрсө он эки бөтөлкөсү сыныптыр, бир жарым сомго жакын зыян кылып атса. Ошондо эрди-катын катуу айтышкан. Айнек бөтөлкө сынса сыныптыр деп же Артык токтоолук кылып койсо, же суук тилин агытпай аялы токтолуп калса болмок. Антишпеди, кайсы бир бөтөлкө үчүн экөө урушуп, аялы балдарын алып кетип калды. Артык да көк экен, “ кой, байбиче ачууңду бер, боло берет” дебеди. Кетсең кетесиң да дегендей тултуюп унчукпай туруп алды. Ошол уруштан аз өтпөй горбачевдук “кайра куруунун” дагы бир жаңылыгы – спирт ичимдиктерине тыюу салуу күчөдү, мурда жайнап турчу арак-шарап жоголуп, артынан атыр, өтүк майлар табылбай, калаты заман келди.

Артык болсо кеткен аялынын артынан барбады. Өлүү дүйнөгө берилип алган күйөөсүнө анысы да кайтып келбеди. Дүкөндөгү кароолчулук да болбой калды. Ичин жылан сыйпагансып бош калган дүкөнгө адамдар келбей калышты. Акчанын куну учканы мал базар да мурдагыдай болбой, Артык үйүндө жалгыз күн кечирүүгө өттү. Турмуш оордогону айылда деле бири экинчисине кирүү сээлдеп, баары кантип нан таап жештин амал-аргасын издеп калышты. Жоктун жону катуу, Артыктын буга чейин жыйнаган дүйнөсү деле тыгынчык болуп бере албады. Жөнөкөй чай-чамекти кой, мурда эч ким карабаган буюмдар аз-аздан жоголуп, акча бапыраган кагаз болуп калды.

Ээн үйдө жалгыз калган Артыкты да эстей турган киши бар экен. Таштан досу келиптир. Эки жыл ашуун жалгыз жашаган курбусунун абалын сураганга ушул Таштан гана жарады. Калганы ар кими өз тиричилиги менен, бала-чакасынын кашында. Артык ата-энесиз, балдар үйүндө чоңоюп, турмуш арабасын жалгыз өзү тартып келатат. Минтип жашы өйдөлөгөндө жалгыз жашоодон өткөн кордук жоктур. Түнкүсүн уктай албай, сары санаадан жүдөгөн досуна ылайыктуу аял болсо сүйлөшүп алып берүүгө келген. Жашы өткөн кишиге жаш келиндерден тийбестигин ойлоп, макул болсо кийинки аялы Бүзейнепти эле көндүрүп алып келүүнү макулдашмакчы болгон. Бирок Артык Бүзейнеп десе асман-айдан кетип макул болбой отуруп алды.

“— Солкулдаганы тийбесе да ошо Бузейнебиңден өйдөраагы чыгып калар акыры. Ал дегениң жана айтпадымбы, жүзүмдү жер каратып, талак коюп кеткен. Эрин чанган катын менен кантип дагы бир жаздыкка баш коём, ыя?

— Ач бүргөдөй секирип сеники өттү. - Жаны кашая түшкөн Таштандын жан тартып кирген Артыкка айткан соңку сөзү бул болду:

— Сен ынаган күндө да Бүзейнеп көнөт беле? Момундай акыбалыңа боорум ачып, сен үчүн арачы түшүүгө кайыл болгом. Анда өзүң бил.

Тонунун эки өңүрүн кагына, ачуулуу чыгып бараткан Таштанды Артык ызалуу узатып калды. Атүгүл ызасына чыдабай ал күнү ысытмасы ашып, түн бою ооналактап уйку бетин көрбөдү”.

Ушундай да көк болобу. Таштан досу кеткенден кийин Артык аял алууну жыйыштырып, үй чарбасы менен алектенүүнү гана ойлоп калды. Бир ую, аз илгерээк сатып келген ноопазы, эки соолугу, анан эшик алдын бербей жайылган элүүдөй тоок-жөжөлөрү бар.

Жаңы идея тапмайынча тура албаган Артык бул ирет жумурткаларды арбын чогултуп, тоокторду көбөйтүүнү чечти. Жумурткасын сатса эле канча пайда, этичи. Жумурткалары көбөйгөн сайын баюу ниети дагы күчөп, алдыга койгон ишин аягына чыгарууга дилгир аксакал башканын баарын унутуп, бай болуу аракетине киришти.

Бул ирет анын жаңы идеясынын ишке ашышына капыс чыккан өрт жолтоо болду. Тилсиз жоо анын дүйнө мүлкүн, там-ташын толук жалмаптыр. Жалындаган өрттү көрүп энтеңдей жетип келишкен айылдаштары эси ооп жаткан Артыкты, өрттөн качып аман калган он бештей тоокту көрүштү. Айылдагылардын бир даары боор тартып, минтип карыганда кырсыкка кабылган Артыкты аяп турса, башкалары бир үйдө коколой башы калган карыга дүйнөнүн кереги эмне дешкенсип, кайдыгер карап турушту.

Мамыр Иминжановдун сатиралык ангемесинин кыскача сюжети ушундай. Эки заманда тең иши жүрүшпөй, жашоо-турмушу оор абалга кабылган адамдын тагдыр жолу аңгемеде кыскача баяндалган. Ким билет, алдуу-күчтүү жаш кезинде жаңы заманга туш келсе, Артык алдыңкы ишкерлердин бири болмок.

Тыйынды кантип табуу керектигин, аны пайдалануунун жолун мыкты билген Артык алып сатарлык кылганы үчүн үч жыл советтик түрмөдө жатып чыккан. Кийинки аракетине да заман күнөөлүү болчу. Ал эми соңку кыялынын ишке ашпай калышына кырсык, өрт себепкер эле.

Улам жасаган аракети майнапсыз болгонуна карабай Артык кол куушуруп отуруп калбайт, дайыма аракет кылып, баюунун жолун издейт. Чоң бай болбосо да оокат-ашы жетиштүү киши болгусу келет, иши оңунан чыкпаса кол жайып отуруп калбайт.

Мамыр Иминжановдун сатиралык ангемесинин артына катылган социалдык драманын чоо-жайы ушундай.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG