Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

"Дыйкандар” кантип катаал сынга туш болгон?


Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов (1930—1998).
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов (1930—1998).

Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун (1930—1998) “Дыйкандар” романы — совет доорунда жазыксыз жерден цензуралык айыптоолорго автору кабылган мыкты чыгармалардын бири болгон. Адабият таануучу Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.

Совет адабиятынын усулдук таянычы социалисттик реализм эле. Анын сүрөткерлерге карата турмушту революциялык жаңылануу, өнүп-өсүү, таптык позициядан сүрөттөө керек деген өктөм талабы турчу. Андан азыноолок кыйшайган жазуучуга саясий айып тагылып куугунтукка алынчу.

Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун “Дыйкандар” романы ошондой тагдырга туш келген.

Жолдон чыкпа

Идеялык айып тагуу партиялык идеологдордун айныксыз куралы болчу. Сталиндик заманда андай азапка кабылган сүрөткерди атып же алыска сүргүнгө айдап жиберишчү. Кийинчерээк катаал жаза кыйла жумшарып, айыптуу сүрөткердин жазгандары чыгарылбай, жыйын сайын сынга алынып, катаал кысымга кабылчу. Жазган чыгармасынын текстинен кадалып ката издегендерден, катаал цензурадан чочулаган айрым сүрөткерлер реалдуу турмуш көрүнүштөрүн идеологиялык калыпка салып, коюлуп калчу айыптан сактанып, аркыл амал-айла менен окурманга жетүүнүн арагасын издешчү.

Таанымал жазуучу, педагог, коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов 1930-жылы 24-декабрда Кыргызстандын Ош (азыркы Жалал-Абат) облусуна караштуу Сузак районундагы Кыз-Көл кыштагында туулган.
Ал 1943-жылы айылдык мектепти бүткөндөн кийин колхоздо иштеген. 1949-1951-жылдары ал Жалал-Абат шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мугалимдер институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, жөнөкөй мугалимдиктен мектептин директорлук кызматына чейин көтөрүлгөн.
1953-1958-жылдарда Абдыраманов Бишкектеги Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтун сырттан окуп бүтөт. 1959-жылы ал Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген.
1961-1964-жылдары ал Москвадагы Горький атындагы адабият институтунун алдындагы адабият курсунан окуган.

Ш.Абдыраманов — кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал чыгаан романчы. “Гүлазык” (1976), “Дыйкандар” (1977), “Тагдыр” (1980), “Жашыл аалам” (1982), “Токуучулар” (1985), “Турмуш сырлары” (1988), “Дыйкандар” (1991) деген романдары ж.б. чыгармалары жарык көргөн.

Жазуучу Абдыраманов 1998-жылы дүйнөдөн кайткан.

Шабданбай Абдыраманов алгач чыгармачылыгын ыр менен баштап, кийинчерээк кара сөзгө өтүп, кыргыз жазуучуларынын кыйласы окуп келген Москвадагы М. Горький атындагы жогорку адабий курсту аяктап келгенден кийин ири эпикалык формага кайрылып, “Дыйкандар” романын жазган.

Роман 1968-жылы “Ала-Тоо” журналынын 6—7-номурларына чыккан.

Республикадагы абройлуу адабий журналга чыккан ири чыгарма окурман баамынан, анан да каламы курч сынчылардын көз жаздымында калышы мүмкүн эмес эле.

Иш жүзүндө ошондой болуп “Советтик Кыргызстан” партиялык гезитине сынчы Кымбатбек Укаевдин “Атына жооп бере албаган роман” деген көлөмдүү макаласы чыккан. Алыкул Осмонов менен Сүйүнбай Эралиевдин поэзиясын кылдат талдап, аты чыккан сынчынын кара сөз чыгармасына олуттуу идеялык кине коюп макала жазышы биралдын таңгалыштуу болчу.

Макаладан кийин романды талкуулоо, адабий же идеологиялык жыйындардын баарында Шабданбай Абдырамановдун романын сындагандар, автордон идеялык ката издегендер көбөйүп, жазуучу бир топ жыл чыгармалары чыкпай, кызматынан алынып бош жүрүп калды.

Артынан чоң чуу ээрчитип алган “Дыйкандар” романында кандай турмуш сүрөттөлгөн? Кадимки айыл турмушу, болгондо да пахтачылык, мал чарбачылыгына багытталган колхоздогу былык иштер, компартиянын макталган айыл чарба саясатынын кедеринен кетип, көз боёмочулук күчөп кеткени романда ачык чагылдырылган.

Андай чыгарманын жаралышы идеологиялык тазалыкты бекем сактап отурган парттөбөлдөргө жакпашы турулуу иш болчу.

Бирок ошол кезде “Дыйкандардан” аз илгерээк Москвадагы “Новый мир” журналына жарыяланган Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повести СССРдин мамлекеттик сыйлыгына арзып, чон мактоого арзыган. Ал чыгармада деле партиянын айыл чарба саясатынын кандайлыгы, кырылган мал, азап чеккен малчылар, желкеден баскан оор проблеманы чечиштин ордуна жанынын тынчтыгын ойлогон булгаары тончон партманаптар тууралуу кеп болот го.

Айырмасы Шабданбай Абдыраманов аңырайып ачылып калган проблеманы жаап-жашырбай ачык, анан да публицистикалык тактык менен сүрөттөп бергендигинде эле.

Романдагы баш каарман Садык Балбаков айыл чарба экономикасы боюнча илимий иш жүргүзүш амалында облустагы алдыңкы деген колхозго суранып келген. Чарбанын кантип жана кандайча алдыга озуп, республикага таанылып кетишинин сырын, экономикалык өзгөчөлүгүн ачып, илимий ишин жылдырууга бел байлаган.

Башында жаш адистин колхоз башкармасы раис Байдылда Балтабаев менен мамилеси дурус болчу. Колхоз ага өзүнчө үй берди, Садыктын дарыгер аялына иш таап орноштуруп коюшту. Башкарма да жаш адиске боор тартып, берилген тапшырманы так аткарып турса деп ойлогон.

Колхоздогу ишке аралаша баштагандан тарта Садык бир нерсеге түпөйүл болуп жүрдү. Негедир колхозчулар андан бир нерсени жашырышкандай, кандайдыр катылуу сыр бардай сезилди.

Көп өтпөй анын деле себеби ачыкка чыкты. Көрсө ал жерде колхоз башкармасынын айтканы айткан, дегени деген, баарын өзү чечкен айылдык хан экен. Чарбада алдыңкы чабан, мыкты дыйкан, теримчи ким болорун раис аныктап, ошону алдыга чыгарыш үчүн баары жардамдашат.

“Төлбергенов Аттокур азыр республикага чейин таанылган чабан. Садык жол ката ушул шашмалап сүйлөгөн кызыл бет жапалдаш чабан жөнүндө эстеп, эки ууртун эки кулагына жеткире жылмайышын көз алдына келтирип, андан улам анын иши, анын бактысы жөнүндө ар кандай ойлорго аралашып келе берди.

Кышкы төл

Короодо туутка байланыштуу бөлүнгөн сакманчылар, дагы бир топ жардамга жиберилген адамдар бар эле: айрымдары сарайдын төркү жагындагы кашаада турган желини жеткен койлорго чөп чачып жаңы туугандарын бөлүп, баласын жериген айрымдарын зордоп кемечке алып козусун жайгызып, дагы бир нече аялдар кара желин тууган энесинен сүт чыкпаган козуларга упчу менен сүт берип убараланышып, короо ичинде кым-куут иш убагы экен.

– Кел, карап турба. Сен коммунист, бекитилип келдиң, эми короодо чыгым болбойт,– деди баткак кече кыйыктанган койду жетелеп келаткан Тумалай адатынча какшыктап.

Ал тебетейин колуна ала койгондо соксойгон башынан көк булоо көтөрүлүп турду. Садык Тумалайдын кер какшыгына көңүл бербей, короо ичин тегерете карап, өз ичинде али чилденин чыгып-чыга элек катаал учуруна туура келген туут кампаниясынын маңызына анча түшүнө бербей, өзүнчө ойлонуп деңдароо токтоп калды.

Бул учурда алдыңкы койчу облустук жыйында жүйүр төлдөтүү жайын айтып кеңешмеге катышуучулар алдында ойдо жок эмгек жетишкендигин айтып, анысы радиодон жаңырып турган.

“– Менин короолорум толук бойдон жүйүр төлдөтүүгө өтүшкөн. Эки жылдын ичинде мен ар бир жүз тубар койдон 402 ден козу алууга жетиштим. Жүйүр төлдөтүүнү дагы жакшылап өздөштүрүш үчүн өз короолорумда бардык чараларды пайдалануу үчүн күрөшөм...

Көрсө колхоз башкармасынын тапшырмасы менен койчулар эки жылда койлорду үч ирет туудуруп, пландан ашып калган төлдү алдыңкы койчунун эсебине жазып коюшчу. Садык андай амалды Тумалайдан угуп оозу ачылып отурбайбы.

“Үч жолу туудур дедиби эки жылда үч жолу туудурабыз. Башкача кыл дедиби, кылабыз. Жок, мындай болот дебейбиз. Куп дебесең тутулдуң, куп дедиңби кутулдуң”. Колхоздун кайсы тармагына баш бакпа, баарында жасалма көрсөткүчтөр, калп эсептер.

Тиреш

Ошол эле Тумалай өзү чуркап май төгүү планын аткарыш үчүн дүкөнгө келген майды колхозго өткөрүп, аны потребсоюзга тапшырып, пахтанын түшүмдүүлүгүн көтөрүш үчүн жашырын аянттарга пахта эктирип, ал жерден жыйналган түшүмдү жалпы планга кошуп, жыйынтыгында башкарма мактоо угуп, колхозчулар сыйланып, чарба башкаларга үлгү катары көрсөтүлчү.

Бекем тамыр алып кеткен коз боёмочулукка Садык каршы чыгып башкарма экөөнүн ортосунда тиреш башталат. Садыктын жогорку бийликте отургандарга кайрылуусу жоопсуз калып, колхоз башкармасы аны кысымга ала баштайт. Райкомдун биринчи катчысы Байдылда Балтабаевди жактап чыгат.

“– Демек, Балтабаев туура эмес башкарып жатат демексиңби?

– Туура эмес, эң зыяндуу жол менен. Айыл чарба артелинин уставы, колхоз демократиясы деген алда качан басылып бүткөн. Коллективдүү жетекчилик – колхоз башкармасы, анын мүчөлөрүнүн пикири деген нерсе иш жүзүндө жашабайт. Партуюм да жашабайт. Адамдарды кыңк эткис мышык кылып алган... Өзүнчө хан, өзүнчө бек... Кыңк эткендин мойнун кайырса, адамдардын эркин басса... Советтик закон закон эмес, Балтабаевдин сөзү, анын пикири закон.

Мына Балтабаевдин методу, анын иш ыкмасы... «Бука болсун – сүт берсин, план толсо болду», ушундайбы? Кайда советтик демократия?.. Кайда ар бир адамдын эрки? Кайда граждандык укук? Ар бир адам өндүрүшкө чындап катышканда социализмден коммунизмге өтүү башталат деп айткан улуу Ленин. Ал эми адамдардын өндүрүшкө болгон мамилесине бүгүн эч ким кызыкпайт. Иши кылып эле, план толтурса ошону мактайбыз...

Бозуланов килем үстүндө кыска-кыска бурулуп, ары-бери басып өз кыжырын араң токтотуп турду. Садык да унчукпай үнсүз отуруп калды. Бозуланов кекетип унчукту:

– Анда Балтабаев Совет бийлигинин душманы тура?

– Жок,– деди өз ички оюна алаксый түшкөн Садык Балбаков башын өйдө көтөрүп, – Совет бийлигинин эмес, советтик закондуулуктун, колхоздук демократиянын душманы... Граждандык укуктун душманы...

Акыйкаттыкка жетиш кыйын экен. Колхоз демократиясын талап кылган Садыкты кызматтан бошотуп, андан кийин деле арыз жазууларын токтотпогондугу үчүн жергиликтүү бийликтегилер аны түрмөгө камашат. Кылган аракетинин туура, акыйкат экенине айныксыз ишенип алган жигиттин аракети ошентип орто жолдон аксап, эч кандай натыйжага жетпей, ишенген партиялык жетекчилигинен колдоо таба албаган Садыктын жүрөгү кармап абакта жан берет.

Акыйкаттык, албетте, калыбына келет, бирок ал бир адамдын өмүрүн алып кетет.

Кымбатбек Укаев республиканын түштүгүн чылк каптаган туман, советтик айыл чарбасындагы абалды туура эмес чагылдырган, советтик турмушка жат көрүнүштү жалпылаган деп кине койгон роман чуулгандуу макаладан кийин идеялык сындын төөбастысында калды.

Ошол 1968-жылкы басым-кысымдан соң жазуучу биртоп жыл жазган чыгармалары чыкпай, кысым алдында жүрдү. Жалаң чыгармачылык менен турмуш-тиричилигин өткөргөн сүрөткер узак жылдарга созулган басым-кысымга чыдабай айласыздан туңгуч романын оңдоп жазууга мажбур болду.

Ушундай эле тагдырга туш келген даркан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков “Көк асаба” романын оңдоп жазууга макул болбоду.

Идеялык айып койгондорго баш бербей көп жылдар куугунтук алдында жүрдү. “Көк асаба” коомдук-саясий турмушта кескин өзгөрүү жүрүп, демократия желаргысы азыноолок сого баштаган чакта жарыкка чыкты.

Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романы адабий журналга да жарыяланбай, кол жазма айрым жазуучулар менен сынчыларга гана окутулбаса, идеялык зыяндуу чыгарма катары жарыяланышына тыюу салынып келди.

Сынчы Шаршенбек Үмөталиевдин “Өзөктөгү өрт” романы да журналдык үзүндүсү гана жарыяланып, идеялык катаал сынга туш келип жарыяланышына тыюу салынган.

Айтса, Т. Сыдыкбековдун “Көк асаба”, Ш. Үмөталиевдин “Өзөктөгү өрт”, Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Сынган кылычы” партиялык катаал сынга кабылып, тыюу салынып, авторлору басым-кысым алдында жашаган. Горбачевдук “кайра куруу” коомдук турмуштагы олуттуу өзгөрүүлөр болбосо бул чыгармалардын кийин жарыяланышы мүмкүн эмес болчу.

Ал эми Качкынбай Осмоналиев айтылуу “Көчмөндөр кагылышы” романындагы тарыхый инсандардын атын өзгөртүп, каймана ысым менен берүүгө мажбур болгон. Роман идеялык сынга кабыларын билген автор алдын-ала сактанып Боромбай, Үмөтаалы, Балбай сындуу тарыхый инсандардын атын өзгөртүп жазышка мажбур болгон.

Ушундай эле тагдырга Сардарбек Рыскуловдун кыргыз окурмандарынын сүймөнчүгүнө арзыган “Кашка ат, карагер жорго” повести туш келген. Жазуучу Байтик баатырдын атын аташтан чочулап аны башка бир адамдын аты менен берген.

Советтик турмуш чындыгы бурмаланган деп айып коюунун артында жазуучу үчүн өзгөчө оор жаза – чыгармаларын жарыялабай коюу, жыйындар сайын идеялык ката кетирген автор катары эсептелинип, ур-токмок сындын төобастысында калуу коркунучу турган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG