Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Тарыхта көөнөргүс изи калды


Жазуучу Төлөгөн Касымбек (1931–2011).

Кыргыз элинин чыгаан калемгери, тарыхты көркөмдөп шөкөттөп жазуу устаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, мурдагы депутат Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Жума күнү (15-январда) анын мааракесине арналган “Төлөгөн Касымбеков – кыргыз тарыхый романистикасынын залкары” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн жыйын “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында өткөрүлдү. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз адабиятында тарыхый роман жазууда таптакыр жаңы белеске көтөрүлө алган бирден-бир жазуучулардын бири – ыраматылык Төлөгөн Касымбеков (1931–2011) эле.

Төлөгөн Касымбековдун 1966-жылы жазылган жана 1971-жылдарга чейин кайра оңдолуп-кошумчаланган “Сынган кылыч” романы элибизге 18-кылымдын акыры – 19-кылымдагы тарыхты кылдат таразалап кароого чакырган атуулдук сабак, атуулдук таберик болуп калды. Анын бул романы эгемендик доорунда гана коммунисттик цензурадан арылган вариантта кайрадан окурмандарга тартууланган.


Бирок романдын ошол коммунисттик цензура тушунда жактырылган варианты деле кыргыз айдыңдарынын түшүнүгүнүн мерчемдерин кеңейткен “бомба” болгондугун Кыргызстандын эгемендик доорунда кыйла калыс сыпаттап келишет.

Анын тили жана стилдик өзгөчөлүктөрү тууралуу профессор Токтосун Ашырбаев (1948–2006) өзүнүн диссертациясында иликтеген. 2011-жылы Үмүт Култаева “Кыргыз тарыхый романы: типологиясы жана жанрдык өзгөчөлүгү” деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
Бир катар жаш илимпоздор да Т. Касымбековдун романын ар кыл өңүттөрдө изилдеп келишет.

Тарыхчылар болсо “Сынган кылычтан” чоң руханий сабак алышты: бул Кокон хандыгы сыяктуу көп этностуу мамлекеттердеги кыргыздардын мамлекет башкарууга жандуу катышуусунун тарыхын бөксөртпөстөн жазуу милдети. Эгемендик доорунда бул милдет өтөсүнө чыгып келет.

Мисалы, Борбордук Азиядагы таанымал тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев Кокон хандыгынын тарыхын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын ажырагыс бөлүгү катары кароо тууралуу илимий жобону алгачкы жолу докторлук диссертация деңгээлинде 1998-жылы апрелде жактаган.


Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун балалык чагы Аксы аймагында өткөн (ал, ырасмий документке караганда, Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган, ал эми чыныгы туулган күнү башка экени жоромол кылынып айтылып жүрөт).


Төлөгөн агай Аксыдагы жергиликтүү калайыктын тээ Кокон доорунан тартып эле көтөрүлүшчүл жана эркин маанайы менен айырмаланган уламыштарын, болмуштарын угуп каныкты. Маселен, ал Малкалды айылындагы санжырачы Токбай аксакалдын үйүндө жата конок болуп жүрүп, XVIII–XIX кылымдарга таандык көптөгөн санжыралык маалыматты чогултканын жергиликтүү калайык эскерип калат.

Кийинчерээк жазуучу Касымбеков эл оозундагы (бирок тарыхка кирбеген) фольклордук мол маалыматты айрым архивдик жана башка кеңири маалым болбогон тарыхый даректүү маалыматтар менен салыштырды.


Анын миң толкуп жазган “Сынган кылыч” романы кыргыз элинин эс тутумуна ошол Совет доорундагы расмий идеологиялык алкакка сыйбаган бир тарыхый чындыкты кайра кайтарды. Ал – Кокон хандыгынын тарыхындагы Фергана кыргыздары менен кыпчактарынын жигердүү жана жетекчи саясий ролу тууралуу факт болчу.

Бул көп этностон куралган Кокон хандыгы Кыргызстандын түндүгүндөгү бир катар кыргыз топтору үчүн сырттан кол салып, талоон кылып, алым салып турган баскынчы мамлекет болсо, ал эми Фергананын ичкерисинде тээ орто кылымдардан бери байырлаган жергиликтүү кыргыздар үчүн өз мамлекети болгондугу “Сынган кылыч” романында таасын чагылдырылган.

Кокон хандыгынын өкүмдарларынын көптөгөн өкүлдөрү кыргыздан кыз алган, ал эми кыргыз каныша айымдардын урпактары жээн катары кыргыз бийлеринин саясий колдоосун алып турган. Бул тууралуу айтуу да расмий тарыхнаамада “табу” болуп келсе, Т.Касымбеков жараткан романда айкын чагылдырылган.

Шералы хандын Кыргызстанда Талас жана ага киндиктеш Аксы жергесинде, Чаткалда башпаана таап өскөндүгү жөнүндө эми ачык гана жазбастан, анын кыргыз тектүү эки аялынын кайсы уруктан жана кайсы бийдин кызы болгондугу тууралуу кызуу талаш-тартыштарга арналган илимий жыйындар да уюштурулду.

Романда мыкты баяндалгандай, "датка" (парсыча “дадхах”) дейби, "аталык" дейби, "миңбашы" дейби, айтор, ар кыл даражаларды алып, Кокон ханынын атынан мамлекетти бийлеген ферганалык кыргыз жана кыпчак колбашчылары бул хандыкты чыңдоо үчүн умтулган, ал түгүл кээде Кокон хандыгына хандыкка каршы боштондук үчүн күрөшкөн “аркалык” улутташтарын жазалаган. Айтылуу Тайлак баатыр Рыскул бий уулуна каршы Кокон хандыгынын атынан согушкандар да ферганалык кыргыздардын айрым баатырлары болгон.


Ташкенди коргоодо жаркын рол ойногон кыргыз колбашчысы Алымкул аталыктын бейнесин Төлөгөн агай таасын сыпаттайт. Алымкулдун теги кыргыз экендиги тууралуу Кыргызстанда да, Өзбекстандын Анжыян мамлекеттик университетинде да илимий жыйындарда тастыктаган бир нече илимий баяндар жасалды.


Анын урпактары Ташкенде жана Жалал-Абатта жашап жаткандыгын биз ошол айрым урпактарынын өздөрү менен таанышып күбө болдук. Бул илимий жыйындарды уюштурууда Кыргыз Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду жана тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев мыкты салым кошконун кошумча айта кетели.

Кокон хандыгынын аймагындагы падышалык Орусиянын оторчул башкаруусуна каршы боштондук үчүн жүргүзүлгөн эң ири көтөрүлүштү кыргыз кулуну, маргалаңдык молдо Ысак Асан уулу (Полот-хан, 1844–1876) жетектегенин, ага оштук жана алайлык кыргыздар олуттуу колдоо көрсөткөнүн Төлөгөн Касымбеков бул окуяларды тарыхчылар калыс таразалай элек чакта “Сынган кылыч” романы аркылуу эң мыкты чагылдырган.


Албетте, көркөм шөкөттөө маалында сөзсүз “суу кошуу” да керек болгон деңизчи. Маселен, “Шералынын чокою” – нагыз ойдон чыгарылган нерсе. Бирок Шералынын жана анын урпактарынын тушунда кыргыз канышасы Кокон ханынын ак сарайынын короосуна боз үй тиктирип алгандыгы тууралуу этнографиялык факттар бар экендиги талашсыз.

Төлөгөн агай менен 1990-жылдары бир нече ирет баарлаштым. Ал жалпы пост-советтик Борбордук Азияда ар бир жумурият өз эгемендигин сактоо менен бирдиктүү Түркстан конфедерациясын түзсө деп кыялданчу. Дал ушул идея үчүн 1930-жылдары мыкты айдыңдарыбыз сталиндик абактарда “пантүркист” катары азап чегишкен, алды атылып, арты – сүргүндө жок болгон же кайтып келип, обочодо калтырылган.

Төлөгөн агайдын бул сунушунун келечеги бар деп ойлойм. Балким, “Борбордук Азия Биримдиги” (Евробиримдик сыяктуу) аталыш зарылдыр? Теңата принцип жагынан бул болочокку ынтымак теңдик идеясы сөз жүзүндө калган КМШга караганда, чакан Лүксембургдун укугу кубаттуу Франция менен Германияныкынан кем болбогон Евробиримдикке көбүрөөк жакындаса дурус болоор... Бул кыял – болочокку муундар үчүн айтылып жатат. Бирок ушул идеяны "Төкөбүз айтты эле" деп жүрөлүк.


Албетте, 1990-жылдардын алгачкы жарымында, тарыхый Жогорку Кеңештин депутаты катары ишмердигине удаа эле, Төкөбүз жеке ишкерлик жакка да башпагып көрдү. Ырасын айтуу керек, ал ушул жагынан кыйла аксады. Анын биографтары бул өңүттү да калыс баяндашаар.


Бирок ошол маалда, 1992–93-жылдары, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын” жетекчиси катары мен Т.Касымбековго кайрылып, ал кожоюн болуп калган конок үйүнө Новосибирскиден келген археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяковду жайгаштырганым эстен кетпейт. Профессор Худяков Кыргыз улуттук университетинде бекер дарстар окуп, Кубат Табалдыев сыяктуу жаш археологдордун казуу иштерине устат катары кеңеш берип жүрдү.

Диний же башка ишенимге шылтоо кылуу менен залкар жазуучунун бейитинде атайын белги коюуга каршы болуп келгендер бар экенин кийин гана уктум.

Менимче, жалаң гана Аксы тургундары эмес, жалпы элибиз залкар жазуучу жана коомдук ишмердин бейитинде жана борбор шаарда татыктуу эстелик тургузушу абзел. Кыргыз Республикасынын Баатырын түбөлүк эскерүү чараларын жүзөгө ашыруу – чакан үй-бүлөнүн эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгындагы иш деп санайбыз.

Бүгүнкү илимий жыйынга жана болочокку маданий эскерүү чараларына албан ийгиликтер каалайбыз.

P.S.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесине арналган алгачкы илимий-тажрыйбалык жыйын тууралуу профессор Ташманбет Кененсариевдин сүрөт баяны. "Фейсбук". (Сүрөттөр 15-январда жыйын маалында тартылган).

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG