Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Байсалов алтын жөнүндө видеого комментарий берди


Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.
Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Фейсбуктагы постунда видеону тараткан иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу комментарий берип, тасманы “фейк” деп атады. Байсалов алтын видеодон көрүнүп турган ыкмалар менен ташылбай турганын, ар бир куймага маркировка, уникалдуу номерлер басылган соң гана чет жакка чыгарыларын билдирди. Ал бул аракетти “жалаа” деп баалады.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да интернетте тараган алтын жөнүндө видеого комментарий берди. Фейсбуктагы баракчасында жазган постунда ал чет жактагы кыргызстандык активист, видеону чыгарган Асхат Осмоновду сынга алды.

Орунбеков Осмонов мурда да бийликке байланыштуу башка маалыматтарды чыгарганын белгилеп, кийин ал ырасталбаганын, мунун баары каралоо максатында жасалып жатканын билдирди.

“Бул сапар жасалма алтын куймаларды кагаз коробкага тизип алып, монтаждап чыгарыптыр. Жасалма кагаз акчалар, алтын куймаларга окшош оюнчуктар болот. Асхат Осмонов деген шылуун алыста жүрүп зээриксе керек, оюна келген калптарды мезгил-мезгили менен чыгарып турат. Алтын оор болот, куймаларды кагаз коробка кантип көтөрмөк эле?! Анын сабатсыздыгы так ушул жерден билинип калыптыр. Бул жаран 2020-жылы “Чоң Казат” кыймылынын курамында болуп, бийликке келүүгө аракет кылган. Максаты ишке ашпаган соң, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, кийин Америкага чыгып кеткен. Азыр уктаса-турса бийликтин кетишин кыялданып, бузукулук менен жалган маалыматтарды таратып коюп отурат. Андыктан мындай чагымчыл фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Кумтөрдүн алтыны 1 граммына чейин катуу көзөмөлдө, Улуттук Банкта сакталып турат”, – деп жазды Дайырбек Орунбеков.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканы баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде Осмоновдун артынан учкай баян жасап, “алтын куймалар Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп баяндады.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тарап, коомчулукта талкууларга жем таштаган. Президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. Ал ошол маалда Кумтөрдү алтынын Лондон биржасында сатууга чек коюлгандыктан, түрк ишкерлери сатып алууга кызыгышканын, ошол себептүү агасы Түркиядагы алтын заводго барып келгенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG