Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Өзбекстанда басмачы деп айыпталган дагы 198 жаран акталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда өткөн кылымдын 20-30-жылдарында коммунисттик режимдин репрессиясына кабылган дагы 198 киши акталды. Алардын тизмеси 6-майда өлкөнүн Жогорку сотунун сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Каракалпакстанда, Ташкентте, Фергана, Хорезм, Бухара, Жизак жана Наманган облустарынын аймагында «контрреволюциялык иш-аракеттерге, куралдуу көтөрүлүштөргө, терроризмге, бандитизмге, тыңчылыкка, полиграциялык жана антисоветтик ишмердүүлүккө, улуттук боштондук кыймылына, басмачылык аракеттерге катышкан» деген мүнөздөгү жалпысынан 11 кылмыш иши боюнча соттолуп, жазага тартылган.

2020-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Репрессиялардын курмандыктарынын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн изилдөө, алардын эс-тутумда сакталышын уюштуруу боюнча республикалык жумуш тобу түзүлгөн.

Топ илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган жана кайсы бир себептен улам акталбай калган репрессия курмандыктарын актоо тууралуу сунуштарды иштеп чыккан.

2023-жылы Өзбекстандын Жогорку соту 1929-1931-жылдары советтик режим учурунда репрессия курмандыгы болгон, беш кылмыш иши боюнча айыпталган 240 жаранды реабилитациялаган.

Жалпысынан советтик мезгил учурунда түрдүү куугунтукка кабылган, атууга кеткен 1,31 миң өзбекстандык акталды. (RK)

​
XS
SM
MD
LG