Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Кытай лидеринин Европа сапарында Украина маселеси көтөрүлдү


Солдон оңго: Эммануэл Макрон, Си Цзинпин жана Урсула фон дер Ляйен. Париж.
Солдон оңго: Эммануэл Макрон, Си Цзинпин жана Урсула фон дер Ляйен. Париж.

Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Европа сапары бүгүн 7-майда Сербияда уланат. Cоңку беш жылдан бери алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бир апталык бул сапар алкагында ал 6-майда Францияга барды, Сербиядан кийин Венгрияга жөнөйт.

Франциянын борбору Парижде Синин президент Эммануэл Макрон менен жолугушуусуна Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да катышты. Анда европалык саясатчылар Кытайдын башчысын Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусияга таасир этүүгө үндөп, өзүлөрүнүн Киевге колдоосу токтобой турганын билдиришти.

Соңку жылдары Бээжин Москва менен экономикалык жана аскердик кызматташтыгын бекемдөөдө.

Фон дер Ляйен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Кытай Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун токтотуу үчүн өз таасирин колдонот жана Кремлдин ядролук коркутууларын басаңдатууда маанилүү родь ойноону улантат» деп үмүттөнөрүн айтты.

Москва менен мамиледе Кытайдын конструктивдүү ролуна үмүттөнөрүн француз президенти Эммануэл Макрон да айтты.

Си Цзинпин Париждеги 6-майдагы жолугушууда Украинадагы согуш тууралуу түз айткан жок, бирок дүйнө өзгөрүү доорунда турганын белгилеп, мындай шартта Кытай менен Европа Биримдиги ортосунда, анын ичинен эл аралык тынчтыкты камсыздоодо да «стратегиялык мамиле» маанилүү экенин кошумчалады.

Ал эми 7-майда Париждеги сүйлөшүүлөрдө Си Цзинпин украин маселесине байланыштуу "бардык тараптарды диалогду жанданырууга, өз ара ишенимди бекемдөөгө, Орусиянын жана Украинанын оюн эске алуу менен, тараптардын тең катышуусунда тынчтык конференциясын өткөрүүнү колдоого, бейпилдик орнотуу пландарын адилет талкуулоого" чакырды:

"Биз Европада тең салмактуу, эффективдүү жана туруктуу коопсуздукту түзүүнү колдойбуз".

Бир катар басылмалар 2022-жылы күзүндө Орусиянын тактикалык ядролук курал колдонуу боюнча ыктымал планынан баш тартууга Кытай таасир эткен болушу мүмкүндүгүн жазышкан.

6-майда Орусиянын Коргоо министрлиги мындай курал боюнча машыгуу өткөрүүгө камданып жатканын, буга Батыштын коркутуулары себеп экенин билдирди.

Синин Европа сапарынан кийин орус президенти Владимир Путин Кытайга барат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG