Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Баткен: Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу


Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу, эки коңшу аймактын жетекчилери соңку окуя жалпы коопсуздукка терс таасирин тийгизбей турганын белгилешти. Бул тууралуу 7-майда саат кечки 10го карата маалыматында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, эки жетекчи чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоону макулдашып, 7-майда катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени кабарланды.

“Ошону менен катар эртең 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, жеринде териштирүү макулдашылды” деп айтылды маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы бүгүн 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдаган. Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаганы, алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкени кабарланган.

"Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жаракат алгандар жок.

Чек ара кызматы бир тажик жараны бутуна жаракат алгандыгы тууралуу такталбаган маалымат бардыгын кошумчалады.

"Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөт гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз", - деп айтылды маалыматта.

2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар болгон. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык 50-55 чакырымдай такталбаган тилке калды.

Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя боюнча азырынча маалымат бере элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG