Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Өзбекстанда 25 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 25 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапканын бүгүн 7-майда «Азаттыктын» өзбек кызматы («Озодлик») Nemolchi.Uz долбоорунун маалыматына таянып жазды. О

куя Жизак облусунун Шараф-Рашид районунда болгонун, күйөөсү аялын катуу сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн деп шектелип жатканын Millar телеканалы да кабарлады.

Маркум келиндин эжесинин айтымында, жубайлардын жашоосу тынч эмес болчу, 2022-жылы сиңдиси күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай төркүнүнө качып барган, ага милиция коргонуу ордерин да жазып берген.

«Кантип каза болгонун так билбей жатабыз, үч жашар уулунун айтымында, апасын атасы союл менен сабаган», – деди ал.

Чырга кызганыч себеп болгонун жубайлардын тааныштары айтып беришти.

Облустук прокуратура келиндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун, териштирүү жүрүп жатканын, ал муунтуудан көз жумганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG