Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Орусияда согушту айыптаган дагы бир активист эркинен ажырады


Андрей Бояршинов.
Андрей Бояршинов.

Орусияда Украинадагы согушка каршы пикирин билдирген активист соттолду. Орусиянын карамагындагы Татарстандын борбор шаары Казанда Борбордук округдук аскер сотунун чечими менен жергиликтүү активист Андрей Бояршинов «терроризмди актаган» деген айып менен күнөөлүү деп табылып, жалпы тартиптеги колонияга беш жылга кесилгенин бүгүн 7-майда "Засекин.ру" жана "Сетевые свободы" Телеграм-каналдары жазды.

Мындан тышкары сот Бояршиновго эки жыл бою интернет сайттарга администратор болууга тыюу салды.

Активисттин кылмыш жообуна тартылышына анын 2022-жылы март айында, Орусия Украинага кол салган алгачкы күндөрү социалдык түйүндөргө жарыялаган посттору себеп болду. Ошол күндөрү Казанда согушка каршы акциялар өткөн.

Сотто Бояршинов аталган постторду жазганын моюнуна алды, бирок ал жерде терроризмди актаган аракет жок экенин, ал «зомбулуктун кандай гана түрү болбосун, караманча каршылыгын» гана билдиргиси келгенин айтты.

Биология илимдеринин кандидаты Андрей Бояршинов Казан федералдык университетинде иштечү. Аны 2022-жылы март айында кармап кеткенден кийин үй камагына бошотушкан, бирок кийин кайра тергөө абагына камашкан.

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун маалыматына караганда, Орусияда Украинадагы согушка каршы пикирин билдиргендердин арасынан бүгүнкү күнгө карата 900дөн ашуун кишиге иш козголду. Алардын 250гө жакыны соттолду. Соттолгондордун 154үнө айып Кылмыш-жаза кодексинин «терроризмди актоо» беренесинин негизинде тагылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG