Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Прокурор соттон Олжобай Шакирди жети жылга эркинен ажыратууну сурады


Олжобай Шакир соттук отурумда. Архивдик сүрөт.
Олжобай Шакир соттук отурумда. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 7-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча соттук отурум уланды. Анда айыптоочу тарап менен жактоочу тарап жарыш сөзгө чыкты.

Жазуучунун адвокаты Бакыт Автандил уулу “Азаттыкка” билдиргендей, ага катышып жаткан прокурор соттон Шакирди коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга камакка алууну сурады.

Адвокаттар иштин материалдарында эч кандай видео далил жок экенин, башка видеонун негизинде эксперттик корутунду чыгарылганын айтышты. Алар ошондой эле мурдагыдай эле Шакирдин күнөөсү жоктугун кайталап, аны актап, камактан чыгарууну соттон өтүнүштү.

Кийинки соттук отурум 14-майга калды. Анда Шакирге акыркы сөз берилип, андан ары сот чечим чыгарышы керек.

Иш марттын ортосунан бери судья Бактияр Матраимовго өткөн. Шакирдин адвокаттары прокурор да алмашканын, ошол себептүү мамлекеттик эксперттер кайрадан суралганын билдирген.

Апрелдеги отурумдан чыгып баратып Шакир “өзүнүн онлайн митинг өткөрүү ниети мамлекетке, коомго зыян келтире турган идея болбогонун” ал “агрессиянын жактоочусу эмес” экенин “Азаттыкка” билдирген.

Жазуучу жана публицист Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деп таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG