Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Полот хан жашынган үңкүр


Исхак - Полот хандын үңкүрү. 30-май 2017-ж.
Исхак - Полот хандын үңкүрү. 30-май 2017-ж.

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы баш каармандардын бири Исхак же Полот хан. Ал 1876-жылы февралда колго түшөр алдында, Чаабай тоолорундагы үңкүрдө бир нече күн жашырынат. Бул эмне болгон үңкүр? Ал азыр барбы?

Исхак молдо Хасан уулу. Теги кыргыз. 1873-жылы Кокон ханы Худаярга каршы башталган көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири. Ал 1875-жылы 27-сентябрда Анжыяндын Ботокара кыштагында Полот хан деген ат менен экинчи жолу хан көтөрүлүшкө чыгат. Ушул окуядан соң, тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, “көтөрүлүштүн башында кайрадан чыныгы жетекчи катары Исхак-Полот хан туруп калган”.

Исхак - Төлөгөн Касымбековдун кыргыз элинин Кокон хандыгы кезиндеги турмушун чагылдырган “Сынган кылыч” тарыхый романындагы баш каармандардын бири.

Кокон хандыгын жоюп, ордуна Паргана (Фергана) облусун түзүүнү ойлогон орус баскынчылары үчүн көтөрүлүштүн уланышы - кекиртекке тыгылган сөөктөй иш болчу. Орус жазалоочу экспедициясы менен 5-октябрга оогон түнү салгылашууда Ханабад көпүрөсүндө минген аты жыгылып, Исхак-Полот хандын буту сынат. Ушундан тарта көтөрүлүшчүлөрдөн оомат кетип, Исхак аскерлери менен улам тоо таянып чегинип отурат.

“Сынган кылыч” романында жазылгандай, Исхак орустарга колго түшөр алдында Чаабайдагы* (расмий аталышы-Чаувай) үңкүрдө өткөрөт. Ошондо Исхактын сынган бир буту дале айыга элек болгон. Шого жигиттеринин жардамысыз баса да, атка мине да алчу эмес.

Полот хандын үңкүрүндө Төлөгөн Касымбеков болгонбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:05 0:00
Түз линк

Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” тарыхый романында жазгандай, Исхак жигиттери менен баш калкалап отурган үңкүргө жыйырма киши кенен батат.

“Чаубайга кайра ашып келишкенине бир апта болгон. Келген күнү эле Момун жакага түшүп кеткен. Элден кабар алмакчы эле. Күн өтүп жатат. Сууга чөгүп кеткендей ошол бойдон дарексиз. Исхактын жанында жыйырмадай гана жигит калган. Алар кайберен атып келип, бирпас да болсо кум санаадан бошонуп, уунун кызыгын кеп кылышат, отко бышып жаткан кандуу боорго жилбилери түшүп, күймөнүп отурушат”.

"Хандын кемеринин (үңкүрүнүн)" оозу. 30-май 2017-ж.
"Хандын кемеринин (үңкүрүнүн)" оозу. 30-май 2017-ж.

Бул үңкүр, менин изилдөөмө караганда, Чаабай өрөөнүнүн төрүндөгү Ай тийбес жайлоосунун күңгөй бетинде, болжол менен, 2600-2700 метр бийикте жайгашкан. Өрөөндүн таманындагы Теке булактан жөө-жалаң чыккан адам, арча-бадалдуу беттеги үңкүргө эки саат чамасында чыгып барат.

Үңкүрдү чогуу издешкен 62 жаштагы Сулайман Абдилаким уулунун айтымында, жергиликтүүлөр Исхак же Полот хан жигиттери менен түнөк кылган жайды “Хандын камары” деп аташчу экен.

- Сени менен чогуу бардык го. Үңкүрдүн узуну 10 метр, туурасы 5 метр болуп чыкты. Анча жерге 20-30 адам кенен батат да. Үңкүргө көң толуп калыптыр. Астын тазалаш керек, тазаласа дагы терең болот. Илгертен “Хан жаткан камар (кәмар)” деп айтылып келет да. Аны “Полот хандын үңкүрү” дебей, “Хан жаткан камар” деп айтышат.

68 жаштагы Ураим Таабалды уулу да Теке булактын үстүңкү тарабындагы күңгөйдө “Хандын камары” бар экенин жаш кезинде эле аксакалдардан уккан экен.

- Атамдан укканмын да мен энди. “Хан жаткан камар” дейт эле ону, “Полот хандын үңкүрү” дебейт. Ал кәмар Теке булактын үстүндө, Теке булак менен Говзандын ортосунда. Айткандарына караганда, ал үңкүргө бир катта (чоң) Кыргыз үйгө (боз үй) баткандай эле эл батат. Мага атам ылдый жактан туруп: “Ана кәмар”, - деп көрсөткөн эле. “Коркпосоң кирип жат. Корксоң кирбе” деген. Ниме себептен андай деген? Мен ону сурабаптырмын. Кичине эдем.

Хандын үңкүрүнүн сырткы көрүнүшү. 30-май 2017-ж.
Хандын үңкүрүнүн сырткы көрүнүшү. 30-май 2017-ж.

Сулайман Абдилаким уулу айткандай, азыр “Хандын кәмари” малдын кыгына толгон. Ошондо деле орто бойлуу кишинин башы үңкүрдүн төбөсүнө тийбейт. Ооз жагындагы шилби жана башка бадалдардан улам, жакын келмейин, борчуктун капшытында үңкүр бар экенин таппайсыз дагы.

Мурда Теке булактан үңкүргө улоо менен чыккандай жол болгонун Сулайман Абдилаким уулу береги беттен ширеш казган адамдардан укканын айтты:

- Эски кемпир-чалдар: ”Ширеш казып жүрүп, көрөт элек. Жол бар эле” деп айтышат. Таштардан тизип, үңкүр тарапка чыкчу ат жолу жасалган. Ширешчилер үңкүргө чыгып жатышчу экен...

Бул үңкүрдөн белгилүү Апшыр шаркыратмасы тарапка ашкан кырга ат менен аска таштуу беттен эч кыйналбай өтүп кетсе болот. Апшырдан ары тоо арасындагы жылга аркылуу Ноокатка ат көлүгү бар киши беш саатта жетип барса керек.

Ак Терек конушунан "Хандын кемерине" баратканда.
Ак Терек конушунан "Хандын кемерине" баратканда.

Кышкысын Чаабайдын күңгөйүндө кар узакка жатпайт. Тез эле эрип кетет. Ошон үчүн орус аскерлеринен качкан Исхактын Чаабайдан баш паанек издеши логикалык жактан туура болгон деп ойлойм. Андан тышкары Чаабай кыштагы Маргалаң жана Паргана шаарына жакын. Жорум түз аркылуу ашып же Каныкей чокусун (чоң түзөң) этектей жүрүп, Исфайрам бойлой Чоң-Алайга кеткен эзелки жолго эт бышкандан тез жетсе болот.

Орус оторчуларынын жакшы куралданган экспедициясынын катуу кысымына кабылган Исхак-Полот хандын Чаабай тоолорунда жашынуу себеби тууралуу белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин пикири:

- Полот хандын Үч-Коргондо (бүгүнкү Кадамжай районундагы чоң кыштак) Музаффар Шаа деген кайнатасы болгон. Анын улуту тажик. Полот хан жазга чейин тыныгып, кол топтоп, күрөштү улантуу үчүн Үч-Коргонго токтогон. Үч-Коргонго орус аскерлери кол салганда, Чоң- Алайды көздөй качкан. Себеби, Чоң-Алай тоолуу аймак жана анын эли Полот хандын кошуунун колдогон. Чоң-Алайда Абдылдабектин да туугандары бар болчу. Абдылдабек ошо кезде Полот хандын буйругу боюнча Кокон шаарынын мэри болуп турган. Ал мезгилде Музаффар Шаанын Райым Шаа деген тууганы Кара Тегинди бийлеп жаткан. Полот хан мүмкүн ошолордон жардам алам деп ойлогон. Орус жазалоочулары 27-январдан 28-январга караган түнү Полот хандын чакан кошуунуна капилеттен чабуул койгон. Натыйжада беш замбирек, милтелүү 100 мылтык, 20 кой, 100 төө колго түшүрүлгөн. Ондогон жигиттерин жоготкон Исхак Исфайрам капчыгайы аркылуу Чоң-Алай өрөөнүнө качып кеткен. Февраль айынын башында Дароот-Коргондо чачылган жигиттерин жыйнап жаткан Искахка Кара-Тегиндин беги Раим Шаа миңден ашуун атчандары менен кол салат. Ошондон кийин Алайдын Шат капчыгайына кирип кеткен деп жазылган.

Т. Кенесариев "Шат" деп орус булактарында аталганына көңүл бурду. Исфайрам боюндагы эл бул капчыгайды, жаңылбасам, Чат деп аташат.

"Хандын кемерине" бараткан жолдо. Ылдый жакта Чаабай өрөөнү.
"Хандын кемерине" бараткан жолдо. Ылдый жакта Чаабай өрөөнү.

142 жыл мурда Исхак же Полот хан жашынган үңкүрдө окуя андан ары кандай өнүктү? Аны билүү үчүн кайра “Сынган кылыч” тарыхый романын окуп көрөлү:

“Мырзакул жүзбашы кирди. — Эч кабар жокпу?, - деди Исхак башын көтөрүп. Мырзакулдун кейпинен жадаганы көрүндү: - Жок го... - деп, тоңгон колун укалап, отко умтулду. - Мени Кароол дөбөгө алпаргылачы...

Кароол дөбө кароол дөбө дегенинче бар экен. Туш тарабы ачык. Арт жагын караса ашуунун бели, алды жагын караса асыл Фаргана мелмилдеп алаканда турган, топудай соксойгон бийик жер экен. Жигиттер Исхакты замбил менен көтөрүп келишти да, кароол таштын үстүнө отургузушту.

Те алда кайда ак тилек кылып, ак жоолук салынган эне сыяктуу Чаткалдын кыркасы бүлбүлдөйт. Этеги Ташкен, башы Суусамырга, андан нары Тогуз-Торо багытына жалганып, Өзгөн, Алайкуу, Алай тоолору чиркелишип, Исхактын оң кол тарабына имерилип жатты. Сол кол тарабынан Улуу-Тоо уланып, Кыргыз-Ата, Алтын-Бешик тутумдашып, бир учу Сары-Кол тоолоруна жалганып, бир учу ичке ийе тарта Кожонду курчап түгөнөт.”

Ушу жерден тактоо киргизүү зарыл. Теке таштын астындагы «Хандын үңкүрүнөн» Төлөгөн Касымбеков сүрөттөгөн Кароол дөбөгө чейин алыс: кеминде бир сааттык жол.

Кароол дөбөдө кыштын күнү турсун жайдын чак ортосунда да асманды ала булут каптаса, жеңил кийимчен адам бир саатка чыдашы күмөн. Себеби муздак шамал согуп, ичи-койнуңа кирип, жашынганга далдаа издей баштайсың. Кароол дөбө жайгашкан Гөөзан кырынын чокусу деңиз деңгээлинен 3275 метр бийик. Ошого Полот хан 20 жигити менен Кароол дөбөнүн так астындагы үңкүргө кычыраган кышта барышы күмөн. Бирок, Төлөгөн Касымбековдун сүрөттөөсүн окуп жатып, жазуучу Кароол дөбөдө болгон экен деп ойлойсуң. Бирок да, бул чокудан Кызыл-Кыя шаарынын тегерегиндеги айылдар, Маргалаң, Паргана жак, Марказ, Ноокат, Төө-Моюн тарап, Алай тоолору дапдаана көрүнүп турат. Бирок “Сынган кылычта” айтылган, Чаткал кырка тоолору көрүнбөйт.

"Хандын кемеринин" тушундагы кыр.
"Хандын кемеринин" тушундагы кыр.

“Сынган кылыч” романын окуганды уланталы. "Исхакты жигиттер Кароол дөбөдөн көтөрүп, үңкүргө алып келишти. Жигиттердин сур кейпин көргөн Исхак: - Эмне болуп кетти силерге?! - деди кайгы менен. Момун туталана сүйлөдү: — Карачы, бул итти?! Мунун кара ишине макул болбогон баатырларды байлатып таштаптыр. Эшиктен кирип келсем эле, мага өзү чапсалып жүрбөйбү бу чыккынчы?! Сени баш кылып баарыбызды атка таңып берип, Искөбүл пашадан сыйлык алат имиш... Исхак эмне дээрин билбей калды. Колу бош турган жигиттерди кыдырата тиктеди. Баарынын кабагы салыңкы. Баары бир ооз сыяктуу. Өңкөй Мырзакулга ыкташ. Мырзакул бери карабайт, көзүн көзгө урунтпайт, демек бети кара, ниети кара.

- Искөбүл паша менен Насирдиндин издегени биз экен! — деп муңканды Момун. — Көк мейкинди көксөп күнүгө көк караган куштун канатын кыркып тоок кылган сыңары, оо Исхак, боштондук көксөп жыл сайын эрегишип чыккан кайран журттун туусун канга боёп, жүрөгүн өлтүрүп, “Эй!” деп койсо чокусун эки колу менен калкалап отуруп бере турган, түбөлүк карып кылат экен... Эми Исхак үшүгөндөй калчылдады. — Ыя?.. — деп онтоду. — Ушундайбы?.. Издегени биз болсок, анда биздин тирүү жүргөнүбүз өз элибиз үчүн жапа болуп жаткан экен го?.. Эч ким унчуккан жок. Тууралыгын баары мойнуна алгандай. — Канга боёлгон көйнөгүбүздү көрбөй эл үмүтүн үзбөс, душмандын көкшүнү суубас, өчөштүгү тынчыбас! — деди Исхак. — Ташта наркескен кылычты, Момун баатыр. Өзүң байла колумду...”

“Өзүң байла колумду...,” - дейт Исхак-Полот хан. Төлөгөн Касымбековдун бул жазганы чындыкка жакынбы? Бул тууралуу эл арасында эмне кеп бар? Кереге-Таш айылында жашаган өрөөндөгү белгилүү чилистен, 74 жаштагы Мырзапааша карыянын сөзүнө назар салалы:

- Чаабайдагы Түрсүн мойлоо деген киши бар эле. Сен аны көргөн белең? Ошо киши айткан да. Элди орус желдеттери кыйноого ала бергенден кийин, Полот хан “Мени кармап берип, кыйноодон кутулгула” деп макулдук берген экен. Биздин бабалардан бир-эки адам кошулуп, алардын аттары эсимден чыгып калды, Полот ханды алпарып, оруска тапшырып берген деп айткан Түрсүн аке. Аскерлер бир эле Чаабайды эмес, Маргалаңдын атрабындагы айыл-кыштактарды да кысымга алышкан экен. Алар “Эгер Полот хан колго түшүп бербесе, жазалоочу отрядды чакырып туруп, силерди жок кылабыз” деген экен.

Тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, генерал М.Д.Скобелев Исхакты кармап келүү үчүн маргалаңдык Мырзакул жана оштук Бекжан башында турган 30 кишилик топ жиберген. “Алар тагдырга моюн сунуп, куугунчуларды каршылыксыз күтүп жаткан Исхакты 19-февралда туткундашкан”.

М.Д.Скобелев, Т. Кененсариевдин айтымында, Марьин аттуу журналистке жазган катында "Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына түздөн-түз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот”, - деп жазат.

В. В. Верещагин "Күтүүсүз кол салуу". 1871-ж.
В. В. Верещагин "Күтүүсүз кол салуу". 1871-ж.

Генералдын кан күсөгөн карышкырдай жырткычтыгы 1875-жылдын 25-декабрынан 1876-жылдын 3-январына чейин Эки-Суу арасындагы жергиликтүү калкка каршы уюштурулган жапырык кезде даана көрүнөт.

Бул экспедициянын катышуучусу капитан А.Н.Куропаткин мындай деп эскерет:"... Биздин алдыбызда жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүүгө буйрук берилип, артыбыздан буралган түтүн гана калып отурду. М. Д. Скобелев артын карап, жалпы көрүнүшкө ыраазы болуп жатты. ... Жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын — төшөктөрдү, килемдерди, ала кийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатышты...” (Бул шилтеме проф. Кененсариевдин изилдөөсүнөн алынды).

Генерал Скобелевди даңктаган сүрөт.
Генерал Скобелевди даңктаган сүрөт.

Арийне, баскынчылардын бул үрөй учурган жортуулу тууралуу кабар Паргана өрөөнүн эзелтен байырлаган элдер арасына желдей тез тараган. Мындан, албетте, Исхак кабардар болгондуктан, из жашырып качып кеткенди жана баскынчыларга каршы тие качып күрөшүүнү туура тапкан эместей.

Сыягы, Исхакты кармап бергенге чаабайчылардын аралашканы коңшу кыштактардын элине тегиз жакты деген туура болбойт. Себеби, менин чоң энем Саадат “Полотханды кара чапандар (кармап беришкен” деп, аларга наалат айтканын нечен ирет эшиткем. Чоң энемдин энесинен угушунча, колу артына байланган Исхакты атка мингизип алып, кыл көпүрөдөн алып өтүп кетишкен экен.

Исхак-Полот хан Түркстандын генерал-губернатору К.П.Кауфмандын буйругу менен 1-март күнү эл жык толгон Маргалаңдын чоң базарында дарга асылган. Ошону менен орус падышасы Кокон хандыгын сактап калууну көздөгөн көтөрүлүшчүлөрдү кол башчысыз калтырат.

Сүйүнбай Бөрүбаев деген изилдөөчү да Полот хан Исфайрам өрөөнүндө колго түшүрүлгөнүн жазат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG