Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

ӨКМ: эки жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда (Кара-Булак айылы) "Лексус-570" жана "Тойота королла" үлгүсүндөгү машиналар кагышып, эки адам мүрт кетти. Дагы үч киши жаракат алды.

Ал эми Бишкек - Ош автожолунун 373-чакырымында (Капчыгай тилкеси) "Хонда Одиссей" менен "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болгонун ӨКМ кабарлады. Бул кырсыктан алты киши жараат алды.

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык адам жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

2020-жылы өлкөдө алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам өлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG