Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түркиялыктарга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир адам кармалды


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы С.Д. камакка алынды. Жалпыга маалымдоо каражаттары ал Дүйшөн Сатыбалдиев экенин жазды. Анын инициалдары милиция тараткан С.Д. аттуу жаранга туура келет.

Ал Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шек саналууда. Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы ишти кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен териштирип жатат. Кармалган шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 10-июлда 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин билдирген.

Ага ылайык, 2016-жылы Фарид Ниязовдун жетекчилиги астында президентке караштуу Жарандык боюнча комиссия Түркиянын он жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарып, тиешелүү жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул факты боюнча Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголду.

9-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин билдирген. Паспорт текшерүү жараянына "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуя негиз болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG