Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Кыргызстанда ири үч шаарда кайра шайлоо өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-июлда Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.

Үч шаардык кеңешке кайра шайлоого 32 саясий партия катышып жатат. Алар жалпысынан 2 204 талапкерди көрсөттү.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG