Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Ошто бүгүн миңден ашуун адам көчмө урна менен добуш берүүдө


Ош шаарында жалпы 1168 адам көчмө урна менен добуш берип жатат. Алардын басымдуусун майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар түзөт.

Бул боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Бүгүн көчмө урна менен шайлоодон 1168 адам өтүп жатат. Алар өздөрү арыз жазып, шайлоо участкасына бара албай турганын билдирген. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы эртеңкиге кошуп чыгарылат", - деди Аттокуров.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга тогуз партиядан 702 талапкер ат салышкан. Жети пайыздык босогодон «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары өткөн.

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Ош шаардык кеңешине шайлоодо тогуз партия ат салышмак. Бирок бүгүн 10-июлда «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоодон четтетилди.(MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG