Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Тажикстанда жер титирөөдөн беш киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Тажикабад районунда 10-июлда болгон жер титирөөдөн беш киши каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетине шилтеме берип жазды. Ал эми президенттин басма сөз кызматы төрт адам өлгөнүн билдиргени кабарланды. Дагы төрт киши жараат алды. Алардын экөө бала.

Маалымат боюнча, күчү очогунда 5,9 баллга жеткен жер титирөө эртең менен саат 7:14 чамасында Рашт районунун борборунан 20 чакырым алыс аймакта болду.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Хазорчашма жана Ярхаб айылдарында жети үйгө, Шархо жана Сари айылдарында 12 турак жайга зыян келтирилгенин билдирди.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жетектеген улуттук комиссия түзүлдү. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы Гохир Расулзодага, Рашт жана Тажикабад аймактарынын жетекчилерине табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуну жана жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG