Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

COVID-19: Дагы 10 адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 10-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан 10 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 093​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 788 киши. Чүй облусунда 160, Баткенде 103, Жалал-Абадда 64, Ош шаарында 51, Ысык-Көлдө 46, Ош облусунда 38, Нарында 26, Талас облусунда 19 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 138 353 адамга жетти. Андан 117 250 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 585 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 198 бейтаптын абалы өтө оор, 1 310 кишиники оор деп бааланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG