Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кош жарандуулугу барларды кооптондурган билдирүү


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды эки өлкөнүн паспортун колдонуп жүргөнүн айтып, муну "мыйзам бузуу" деп атады. Анын бул айткандары эки паспорт менен жүргөн мигранттардын абалына байланыштуу маселени козгоду.

Орусия, Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын басымдуусу кыргыз атуулдугунан баш тарткан эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыкпай, мыйзам бузуп жүргөнүн айтты.

"Орхан Инандыда 2024-жылга чейин жарактуу Түркия Республикасынын паспорту бар экен. Бул паспортун ал ар дайым мамлекеттик чек арадан өтүүдө, чет мамлекеттерге, айрыкча Батышка барганда колдонгону аныкталды. Анын кош жарандуулугу болгон. Ал биздин паспортту да, Түркиянын паспортун да колдонуп жүрүптүр. Муну менен ал мыйзам бузган. Эгер ал бул жакта болсо, биз аны эчак эле кылмыш жообуна тартмакпыз", - деди Камчыбек Ташиев.


Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссия катчылыгы "Азаттыкка" кош жарандуулук тууралуу мындай маалымат берди.

"2007-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесине ылайык, Кыргызстанда кош жарандуулук чектеш жайгашкан Кытай, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандын атуулдары үчүн гана таанылбайт. Калган өлкөлөрдүн, анын ичинде Түркиянын жарандыгын алганда Кыргызстандын атуулдугунан чыгуу мыйзам жүзүндө талап кылынган эмес".

Мигранттар кыргыз паспортунан баш тарткан эмес

Азыркы тапта Түркияда он миңдеген кыргыз мигранттары бар. Алардын ичинен түрк жарандыгын алгандардын көбү Кыргызстандын паспортун тапшырган эмес.

Уулжан Кыдыралиева Түркиянын жаранына турмушка чыгып, балалуу болгон. Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна бул тууралуу расмий билдиргени менен кыргыз паспорту, ID картасы колунда калган. Бир нече жылдан бери эки паспортту көтөрүп жүрүп, эки өлкөдөн тең эч кандай мыйзам бузганы тууралуу эскертүү албаганын айтты.

"Эч ким мага эч нерсе деген жок. Кыргызстандан алган ID картам жанымда жүрөт. Мөөнөтү бүтүп калса, Бишкекке келгенде узартып алып жатам. Бирок, эл аралык каттамдарда учакка түшкөндө Түркиянын паспорту менен жүрөм. Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна Түркиянын паспортун алып жатканымда кайрылып, атайын документ толтургам. Анткен менен бул жактын каттоо системасына кирген эмес окшойм. Кыргызстанда кадимкидей эле ID картамды колдонуп жүрөм. Менин балам Түркияда төрөлдү, расмий никем да ал жакта катталды. Бул тууралуу консулдуктун кабары деле бар. Ошентсе да Кыргызстандын атуулдугунан чыккан эмесмин", - деди Кыдыралиева.

Кыргызстандын экономикасы мигранттар тапкан каражатка көз каранды. Өлкөдөн чыккан 1,5 миллионго чукул мигранттын басымдуусу Орусияда эмгектенет.

2020-жылдагы акыркы маалыматтарга ылайык, алардын 300-400 миңдейи Орусиянын атуулдугун алган.

Москвадагы "Бизнес-Табарман" ишканасынын негиздөөчүсү Марсел Салахуновдун башка жүз миңдеген кыргызстандык мигранттардай эле эки паспорту бар. Ал Орусиянын жарандыгынын артыкчылыгына токтолду:

"Орусиянын жарандыгын алган мекендештерге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Биринчиден, медициналык жактан акысыз, сапаттуу тейлөө. Экинчиден, билим берүү боюнча көптөгөн жакшы программалар бар. Ошого акысыз катыша алат. Ошондой эле балдарды мектепке, башка окуу жайларга окутууда кыйналбайбыз. Үчүнчүдөн, Орусияда өз ишкерлерин колдоп, аларга бир топ жеңилдиктер берилет. Социалдык камсыздоо жакшы. Мен кыргыз паспортун деле тапшырып берген жокмун. Ал жакта ата-энем бар. Баары бир кайтып барып, кийин инвестиция жасаймын".


Кыргызстандын башка мамлекет менен кош жарандуулук боюнча келишими жана макулдашуулары жок. Болгону мигранттардын мыйзамдык статусун жакшыртуу үчүн "Мекен картасы" деген программа иштелип чыккан. Азырынча ал программага канча киши киргени белгисиз.

Баш мыйзамдын эски жана жаңы редакциясында "башка жарандык" деген түшүнүк камтылып, "башка жарандыгы бар Кыргызстандын атуулдары деле Кыргыз Республикасынын жараны катары таанылат" деген пункт бар.

2007-жылы жарандык боюнча мыйзамды иштеп чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын жарандыгын алгандардын укуктары тууралуу буларды айтты:

"Мыйзамда башка өлкөнүн атуулдарына Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча шарттар так көрсөтүлгөн. Бул үчүн ал Кыргызстандын аймагында мыйзамда көрсөтүлгөндөй белгилүү бир убакыт туруктуу жашашы керек. Кыргыз атуулдугуна өтүү тууралуу арыз менен кайрылып, мурдагы жарандыгынан баш тартууга тийиш. Ушул шарттардын баарын аткарып, ал биздин атуул болуп калат. Эгер атуулдукту алгандан кийин аны башка өлкө талашса, биз мындай талаптарды тааныбашыбыз керек. Анткени биздин Конституцияда "Кыргызстандын атуулунун башка өлкөлөрдөгү жарандыгы таанылбайт" деп жазылган. Себеби, аны биз өз эсебибизге кошуп койдук да. Азыр 100 миңдеген мигранттар Орусиядан атуулдук алып жатышат. Алар ал жакка жыргагынан барып, жарандык алган жок. Ошол эле маалда кыргыз атуулдугунан да баш тартышкан эмес. Демек, биз аларды өз атуулубуз катары эсептөөгө тийишпиз".

Июнь айында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жана жарандык берүү тууралуу жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандын атуулдугун 81 адам алган.

Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык көрүнүштөргө арыздангандар көбөйгөнүн кабарлоодо.

Ага ылайык, акыркы учурларда жарандык берүү, атуулдукту калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенгендер тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоого кабылгандардан даттануулар түшүп жатат.

Ал арада Ички иштер министрлиги кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандарды мыйзам чегинде текшере турган болду.

ИИМдин басма сөз кызматы 9-июлда чет элдиктерге берилген паспорттордун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилерин кабарлады.

Бул иштин алкагында эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынары айтылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG