Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Чет жердеги мекендештер миграция саясатын талкуулайт


Миграция саясатын талкуулаган жыйын.
Миграция саясатын талкуулаган жыйын.

Чет жакта жашап, иштеп калган кыргызстандык мекендештер Кыргызстандын миграция саясатынын концепциясын талкуулашат.

Мындан сырткары “Мекеним” программасы, “Мекен-карт” демилгесин талкуулоо мекендештер менен байланыш боюнча президентке караштуу кеңештин жыйынынын күн тартибине кирген.

Бүгүн кеңештин жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда.

Кеңештин катышуучулары 1-августта секцияларда иштешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка былтыр 22-ноябрда кол койгон.

Кеңеш чет жакта иштеген мигранттардын маселелерин чечип, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салышына көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат. Ал милдетти жүзөгө ашыруу, координациялоо Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн жана бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. (KЕ)

XS
SM
MD
LG