Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Тажикстанда кармалып турган аскер Кыргызстанга өткөрүп берилди


Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында 8-июлда болгон окуяда Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен кыргыз аскери, прапорщик Умаров Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин Умаров 10-июлда түнкү саат бирлерге жакын Кыргызстанга "Кайрагач-автожол" бекети аркылуу өттү. Чек арачынын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскер Хуснидин Хажиев курман болду. Тажикстан анын сөөгүн Кыргызстанга 9-июлда өткөрүп берген.

Кыргыз тарап атышууга тажик чек арачыларын күнөөлөгөн. Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек арачыларына таянып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG