Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Тажикстан аскердин сөөгүн Кыргызстанга өткөрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон аскер Хуснидин Хажиевдин сөөгү алып келинди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиевдин сөөгүн Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын жана Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач-авто жол" (КР) көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып келишкен.

Тажик аскер кызматкерлери кармап кеткен экинчи жоокерди кайтарып алуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат.

Тажик тарап аскердин сөөгү менен кошо Кыргызстандын чек ара кызматына тиешелүү үч атты жабдыктары менен өткөрүп берген.

Буга чейин Баткенге Башкы штабдын начальниги, Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Курсанбек Бекташов жөнөп кетишкени кабарланган.

Кыргыз тарап атышуу Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында орун алганын билдирип, буга тажик чек арачыларын күнөөлөгөн. Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек арачыларына таянып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG