Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Ош: "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилди


Ош шаары.
Ош шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

Буга "Жалпы иш" коомдук фондунун арызы негиз болду. Фонд Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.

"Ынтымак" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ал жетектеген партиядан талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалып, кайра коё берилгенин ырастады. Ал БШКнын жыйынында талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, Боршайкомдун мүчөлөрүн партияны шайлоодон чыгарбай турууга чакырды.

10-июлда Марлен Маматалиев "Ынтымак" партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан өзү баш тартканын жарыялады. Анын билдирүүсүндө Ошто мыйзамсыздык болуп, айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүп жатканы айтылды.

Ош шаардык милициясы 7-июлда шайлоочуларга акча сунуштаган төрт кишини кармаган. Алардын экөө талапкер болуп чыккан. Текшерүү учурунда алардын жанынан жашоочулардын тизмеси жана 115 миң сом табылган. Милиция кармалгандар кайсы партиянын талапкерлери жана үгүтчүлөрү экенин ачык жарыялаган эмес. Бирок алардын бири 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу жаран экени белгиленген. Кийинчерээк ал "Ынтымак" партиясынан шаардык кеңешке талапкер Бахадир Латиханов экени белгилүү болгон.

Ошто шаардык кеңешке кайра шайлоого тогуз партия - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Келечек-Будущее", "Нур" жана "Биздин Кыргызстан" катышып жаткан. "Ынтымак" шайлоодон четтетилип сегиз партия калды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG