Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Шайлоого жакын кызыган "добуш соодасы"


Ош шаарындагы шайлоо. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо. 11-апрель, 2021-жыл.

Ошто шайлоо өнөктүгүнүн акыркы эки күнүндө добуш сатып алууга шек саналып төрт киши сурак берүүдө. Алардын экөө депутаттыкка талапкер болсо, экөө үгүт ишин жүргүзгөндөр.

Байкоочулар мурдагы шайлоолордо мыйзам бузгандар жазаланбаганы үчүн бул нерсе кайталанып жатат деген пикирде.

Ал арада Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов административдик ресурс колдонуу тыйылбаганын айтып чыкты.

Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында шайлоо жакындаган сайын партиялар активдешип, добуш алууга жандалбас кылууда.

7-июлда шайлоочуларга акча сунуштаган төрт киши кармалып, алардын экөө талапкер болуп чыкты.

Абсаттар Тавакалов.
Абсаттар Тавакалов.

«Ал аял, акчаны шайлоочуларга добуш сатып алуу максатында таратканын айткан. Алардын жанынан тургундардын тизмеси чыккан. Суракка алганда тизмедеги кишилердин 15не миң сомдон бергенин айткан. Милиция акчаны далил буюм катары чогултуп алды», - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Текшерүү учурунда алардын жанынан жашоочулардын тизмеси жана 115 миң сом табылган.

Миң сомдон тараткан талапкер

Жергиликтүү милиция кармалгандар кайсы партиянын талапкерлери жана үгүтчүлөрү экенин ачык айткан жок. Бирок алдын ала таратылган маалыматтарда алардын бири 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу жаран экени белгиленген.

Социалдык тармактарда шектүү талапкер «Ынтымак» партиясынан экени айтылууда.

Партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына берген тизмесинен 1959-жылы туулган жалгыз талапкерди көрүүгө болот. Ал 17-катардагы Бахадир Латиханов.

Добуш сатып алууга шектелип кармалган 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу талапкер, "Ынтымак" партиясынан шаардык кенешке аттанып жаткан Бахадир Латихановго туулган жылы да аты-жөнүнүн баш тамгалары да туура келет.
Добуш сатып алууга шектелип кармалган 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу талапкер, "Ынтымак" партиясынан шаардык кенешке аттанып жаткан Бахадир Латихановго туулган жылы да аты-жөнүнүн баш тамгалары да туура келет.

«Азаттыктын» журналисттери «Ынтымак» партиясынын лидери Семетей Козиев менен байланышканда ал шаарда эместигин жана бул окуя боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

Укук коргоо органдары 7-июндун кечинде дагы бир талапкерди акча таратып жүргөн жеринен кармаганын жар салды. Ал жөнүндө азырынча кенен маалымат бериле элек.

Жоопко тартылбаса, жосун өзгөрбөйт

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова Боршайком, милиция саясатташып кеткендигин айтып, алардын аракетин сынга алды. Анын пикиринде мурунку шайлоо жокко чыкканы менен эч ким, эч кандай жазага тартылбай калды. Ошол үчүн да мыйзам бузуулар кайталанууда.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Былтыр күздөгү парламенттик, быйылкы 11-апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоодо да мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылган жок. Ошол боюнча тынчып, күнөөлүү партиялар айтылбай калды. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканы менен кимдер күнөөлүү, кайсы партиялар шайлоого катыша албайт деген маселе чечилген жок. Боршайком менен укук коргоо органдары "арыз түштү, каттадык" деп эле отурушат. Бизге профилактика керек да».

Ош шаардык кеңешине тогуз партия аттанып жатса, алардын үчөө жаңы катышып жатат. 11-апрелдеги шайлоодогу мыйзам бузууларда аты көп аталган «Ата-Журт - Кыргызстан» партиясы да кайра шайлоого катышып жатат. Партия да, Аймактык шайлоо комиссиясы да Боршайком "мыйзам бузду" деп айткан кишилерди тизмеден четтеткен эмес. Милиция болсо иштин көбүн кыскартып салган.

Милициянын тандалма мамилеси

Атыр Абдрахматова мындай жагдайлар мамлекеттик көзөмөл органдары бардык партияга бирдей мамиле кылуусуна шек жаратарын кошумчалады.

Бул пикирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке аттанган Улан Канат уулу да кубаттады.

Улан Канат уулу.
Улан Канат уулу.

«Шайлоо кайрадан өтүп жаткандан кийин мындай кармоолор логикага сыя турган эле нерсе. Ошентсе да милиция солгун иштеп жатат. Жазда болгон шайлоодон азыркынын эч кандай айырмасы жок. Ошондо болгон мыйзам бузуулар азыр деле кайталанууда. Тилекке каршы, фаворит болгон, мыйзам бузууга эң көп шек саналган партиялар эмес, артта турган партиялардын кишилери кармалып жатканы күмөн санатат».

Шаардык милиция бул дооматты четке кагып, алар мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканын ынандырууда.

«Админресурс тыйылган жок»

Ал арада «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынын лидери, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов административдик ресурс колдонуу тыйылбай жатканын айтып чыкты.

мелисбек Мырзакматов.
мелисбек Мырзакматов.

«Бул шайлоодо деле мыйзам бузуулар катталууда. Шайлоо болбой жатып эле милицияга 18 арыз келди. Жергиликтүү бийлик мурдагы адатынан арыла албай жатат. Таза шайлоо өткөрүүгө көнө албай койду. Мурдагыдай эле мыйзам бузуулар кайталанууда. Президент таза шайлоо өткөрүү принцибин туу тутуп жатат. Бирок Ошто ошого каршы иштеп жатат. Жөн эле айтып жатат да деген күчтөр да бар».

Бирок Ош шаардык мэриясы мындай дооматтарды четке кагууда.

8-июлга чейин шайлоого тиешелүү милицияга 18 кайрылуу келип түшкөн алардын сегизи добуш сатып алууга байланыштуу.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG