Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Ош: дагы бир талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош милициясы шаардык кеңешке талапкерлердин бири 7-июлда түнү саат 10дор чамасында добуш сатып алууга шек саналып кармалганын билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгы анын шайлоочуларга таратып жаткан акчасы алынып, тергеп-иликтөө башталганын кабарлады.

Мындан бир күн мурун Ошто дагы бир талапкер добуш сатып алууга айыпталып кармалган эле. Жергиликтүү милиция шайлоочуларга акча тараткан деп шек саналган дагы үч жаран камалганын, алардын жанынан 115 миң сом табылганын жарыялаган.

Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин тактай элек.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

XS
SM
MD
LG