Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Мырзакматов: Ошто административдик ресурс колдонуу тыйылган жок


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

“Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жергиликтүү TMG телеканалына берген маегинде, Ош шаардык кеңешине шайлоодо административдик ресурс колдонуу тыйылбай жатканын айтты.

“Бул шайлоодо деле мыйзам бузуулар катталууда. Шайлоо болбой жатып эле милицияга 18 арыз келди. Жергиликтүү бийлик мурдагы адатынан арыла албай жатат. Таза шайлоо өткөрүүгө көнө албай турат. Мурдагыдай эле мыйзам бузуулар кайталанууда. Президент таза шайлоо өткөрүү принцибин туу тутуп жатат. Бирок Ошто ошого каршы иштеп жатышат. Жөн эле айтып жатат да деген күчтөр да бар", - деди Мелис Мырзакматов.

Бирок Ош шаардык мэриясы мындай дооматтарды четке кагууда.

11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" 48,8%, "Улуттар Биримдиги" 18,0%, "Ыйман Нуру" 8,1%, "Ынтымак" 7.5% добуш алган. Бирок "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Улуу Журт", "Республика", "Бир Бол" жана "Бүтүн Кыргызстан" жыйынтыкка нааразы болуп, кайра шайлоо өткөрүү талабы менен президентке кайрылуу жолдогон эле.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG