Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Кумтөр боюнча Акаев, Бакиев жана башкаларга айып тагылды


Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев. Коллаж.
Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев. Коллаж.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана башка жогорку кызмат адамдарынын "Кумтөр" боюнча кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат таратты.

Атайын кызматтын билдиришинче, мекемелер аралык тергөө тобу Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдерди түзүүнүн жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө жүргүзгөн. УКМК тергөөдө топтолгон далилдерине таянып, Кумтөр кенин иштетүүдө келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө "Камеко" жана "Центерра" компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупция болгонун билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, 1992-жылы алтын кени боюнча башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мурдагы президент Аскар Акаев, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген.

УКМК 2003-жылы “Камеко” менен Башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупция болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 25,7% (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып калганын, буга жоопкер катары Аскар Акаевге сыртынан айып тагылганын билдирди.

Тергөө тобу 2009-жылы “Кумтөр” долбоорунун жаңы шарттары боюнча келишим түзүүдө коррупция фактысына юридикалык баа берип, жогорку кызмат адамдары 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдерде өлкө кызыкчылыгынан "Центерраныкы” жогору коюп, өлкөгө экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген деп аныктаган.

Жогорудагы эпизод менен мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго, "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы башкармалыгынын төрагасы Алмаз Жакыповго, Мамлекеттик геологиянын мурдагы директору Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Сазановго, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланды.

Атайын кызмат 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы баскычта турганын белгиледи. Ал эми 2017-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер боюнча иликтөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен башка жогорку кызмат адамдарына юридикалык баа берилет.

Тергөө тобу жогорудагы аныкталган коррупциялык фактыларды эске алып, Башкы прокуратура менен биргеликте "Кумтөр" долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы брифингинде Кумтөр иши боюнча тергөөнүн баштапкы маалыматтарын берген. Ташиев ырастагандай, кылмыш ишинин алкагында бир нече эпизоддор аныкталган. Жогорудагы кылмыш ишинде аты аталган айрым мурдагы жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргендиктен жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн экенин билдирген.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Ошондой эле, Сарпашев дагы тил кат менен бошотулган.

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG