Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Ташиев: Кумтөр боюнча бардык келишимдер жокко чыгарылышы керек


Кумтөр алтын кени. Июнь, 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени. Июнь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кумтөр кени боюнча түзүлгөн бардык келишимдер жокко чыгарылууга тийиштигин бүгүн, 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, кенге байланыштуу козголгон бардык кылмыш иштери "Кумтөр" менен келишимден чыгууга алып келет:

"Коррупциялык жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгына каршы келген ушул фактыларды эске алуу менен тергөө "Кумтөр" долбооруна байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоону сунуштайт. Ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген ички нормативдик-укуктук актыларды жокко чыгарууну демилгелейт. Башкача айтканда, УКМКнын Тергөө кызматы тараптан өкмөт 2009-жылкы жана башка келишимдердин баарынан чыгууну сунуштайт. Бул Кыргызстандын "Центерра голд" компаниясынан чыгууга алып келет".

УКМКнын төрагасынын маалыматына караганда, "Кумтөр иши" боюнча кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сомго жеткен.

Атайын кызмат Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты.

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

31-майда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

7-июлда Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы арбитраж сотуна кошумча арыз жазганын кабарлады. Компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө доо арыз “Центерранын” ири акционери “Кыргызалтын” ишканасына каршы жазылганы айтылат.

“Центерра” “Кыргызалтын” кенге ээлик кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен жең ичинен сүйлөшүп алган деп эсептейт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG