Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ташиев: коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча 304 кылмыш козголду


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өткөргөн маалымат жыйында коррупция, мыйзамсыз баюу жана кызматтык кылмыш боюнча 304 кылмыш иши козголуп, мамлекеттик казынага жалпы 6 млрд. сом өндүрүлгөнүн билдирди. Ал айрым мурдагы аткаминерлердин канча акча төккөнүн санап берди.

“Мыйзамсыз баюу жөнүндө бир нече мисалдарды айтып берейин. Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов 50 млн. сом, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Каржы полициянын жетекчиси Таиров 20 млн. сом, орун басары Жамгырчиев 20 млн. сом, Жалил Атамбаев 100 млн. сом, депутат Абжалиев 50 млн. сом төктү. Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Салиев кармалды, келтирген чыгымы аныкталып, сөзсүз төлөйт. Экс-депутат Жаныш Кудайбергенов 75 млн. сом чыгымдын жарымын төктү. Жогорку соттун судьясы Осмоналиев 114 млн. сомдун 70 млн. сомун төлөдү. Мыйзамсыз баюу боюнча Жогорку соттун судьясы Боронбаев кармалды. Бажы кызматынын Түштүк башкармалыгынын башчысы Айтмаматов 100 млн. сомдун, 74 млн. сомун төлөдү. Бишкектин экс-мэри Суракматов 125 млн сом төлөдү. Ал жалпы 150 млн. сом төлөйт. Вице-мэрлер Амантуров 25 млн. сом, Азыгалиев 30 млн. сом төлөдү”.

Ташиев коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатканын белгилеп, түшкөн акча мамлекеттик казынага которуларын айтты. Ал буга чейинки маалымат жыйынында да коррупцияга айыпталып кармалгандар мамлекетке акча төгүп жатканын, алардын айрымдары бюджетти колдоо үчүн өз ыктыяры менен акча которгонун билдирген.

"Коррупция" жана "мыйзамсыз баюу" боюнча кармалгандар акча төлөгөндөн кийин бошотулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG