Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Бийлик Ооганстандагы кыргыздардан күзүндө кабар алат


Памир. Боз үйлөрүн чогултуп, кыштоого бара жаткан тургундар.
Памир. Боз үйлөрүн чогултуп, кыштоого бара жаткан тургундар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памир өрөөнүндө жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

7-июлдагы жыйында мамлекеттик органдардан түзүлгөн топ ушул жылдын күз айларында Чоң жана Кичи Памир өрөөнүндөгү кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүнү пландап жатканы айтылды. Ал экспедицияда азык-түлүктөн тышкары, жергиликтүү калкты медициналык кароодон өткөрүү, дары менен камсыз кылуу каралган. Ошондой эле, алардын так саны аныкталат.

Азыркы учурда Памирде жашаган кыргыздардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. Памир кыргыздары 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир өрөөнүн байырлайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG