Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Ташиев: Инандыны уурдап бараткан жеринен сактап калганбыз


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Түркияга тымызын чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу комментарий берди. Ал Инандыны 2015-жылдан бери уурдап кетүүгө бир канча жолу аракет жасалганын, 2019-жылы ушундай окуядан улам сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирди.

Ташиевдин ырасташынча, Инанды ушул жылдын башында үч күнгө жоголуп кеткен жана аны уурдап баратканы жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калган. Ташиев февралда болгон деген окуянын мындан башка чоо-жайын тактаган жок.

УКМКнын төрагасы Инандыга коопсуздугуна көңүл буруу тууралуу эскертүү берилгенин кошумчалады. Ошондой эле анын түрк паспортуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

"Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу түрк паспорту болгон. Ал бул паспортун чек арадан өткөндө, айрыкча чет өлкөлөргө сапарларында такай колдонгон. Анын кош жарандуулугу болгон. Эгер ал бул жакта болгондо, мындай жагдайы билингенде биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз”.

Ташиев Инандынын кыргыз жарандыгын алган жагдайларга байланыштуу материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин айтты.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG