Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

HRW кыргыз бийлигин Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөгө чакырды


Азимжан Аскаров Бишкектеги сот залында, 10-июль 2017-жыл.
Азимжан Аскаров Бишкектеги сот залында, 10-июль 2017-жыл.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу "дыкат жана көз карандысыз" иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн Аскаровдун түрмөдө каза болгонунун бир жылдыгына байланыштуу жарыялады.

"COVID-19га байланыштуу оорунун күчөп кетиши Аскаровдун өлүмүнө себепкер болушу мүмкүн. Бирок чынында Аскаровдун өлүмүнө анын 10 жылга негизсиз түрмөгө камалышы, ошондой эле кыргыз бийлигинин шалаакылыгы жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтпөгөнү жол ачты", - деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылдагы июнь коогасында "жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда, №47 абакта 69 жашында пневмониядан каза болгон. Анын адвокаттары Аскаровдо COVID-19дун симптомдору байкалганын билдиришкен.

Буга чейин Европа Биримдиги, Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, кайрылуу таратышкан.

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту анын өлүмүн иликтөө боюнча адвокат Айдар Сыдыковдун даттануусун кароону токтоткону белгилүү болду. Бул тууралуу 2-июлда “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму маалымдады.

HRW билдиргендей, быйыл май айында Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүлөрү иликтөөсүн жыйынтыктаган. Анда Аскаров каза болгон учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болуп турганы, натыйжада анын өлүмүнө эч ким жооптуу деп эсептелбеши керек экени белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG