Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Тажикстандын өтүнүчү менен камалган Мажитов үй камагына чыкты


Эсенбай Мажитов
Эсенбай Мажитов

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитов үй камагына чыкты. Тышкы иштер министрлиги ал эч кайда чыкпоо тил каты менен Орусиянын Нижний Новгород шаарындагы абактан бошотулганын билдирди.

Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгон.

Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.

Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен аймакта турат. 2020-жылы чек ара чырында эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен анын үй-жайы калыбына келтирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG