Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Өзбекстан хижабга уруксат берди


Хижаб кийген кыздар.

Хижаб темасы коңшу өлкөдө көп жылдан бери түрдүү талкууларды жаратып келет.

Өзбекстанда хижаб кийүүгө уруксат берилди

5-майда Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы "Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу" жаңы мыйзам кабыл алган. Президент Шавкат Мирзиёев дүйшөмбүдө бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамдын жаңы редакциясында коомдук жайларда диний кийимдерди кийип жүрүүгө салынган тыюу алынды. Документте "диний кийим" түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы жок. Бул тема Өзбекстанда көптөгөн жылдардан бери түрдүү талкууларды жаратып келген.

Жаңы мыйзамга ылайык, диний уюмдарды каттоо жана алардын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиптери да жөнөкөйлөштүрүлөт. Жергиликтүү диний уюмдарды түзүү боюнча демилгечи боло турган адамдардын саны азайтылат. Эми жергиликтүү диний уюм түзүүдө 18 жашка толгон 50дөн кем эмес жарандын колу жетиштүү болот.

Мындан тышкары диний уюмдун борбордук башкаруу органын жана окуу жайларын ачуу үчүн 100 демилгечи болушу керек деген талап жоюлду. Ошол эле маалда диний уюм түзүүдө буга чейинкидей маале тургундарынын жыйынын өткөрүп, алардын макулдугун алуу зарылдыгы да жокко чыгарылды.

Анткен менен Өзбекстандын 1998-жылы кабыл алынган "Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги" жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесине ылайык, динди, анын ичинде араб тилин жана Куранды өз алдынча окутууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, Өзбекстанда 16 жаштан баштап гана диний билим алууга уруксат берилген. Мамлекет тарабынан бекитилген медреселерге тапшырууну каалагандар орто мектепти аяктагандыгын тастыктаган документ тапшырышы керек.

Казaкстанда жоолукчан кыздар мектепке кире албайт

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген маселе 2017-жылдан бери курч талкууланып келатат. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.

Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Сот ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Казакстанда окуучу кыздар мектепке кирүү үчүн хижабын чечүүгө каршы чыгышкан. Мактаарал району, Түркстан облусу. 5-сентябрь, 2018-жыл.
Казакстанда окуучу кыздар мектепке кирүү үчүн хижабын чечүүгө каршы чыгышкан. Мактаарал району, Түркстан облусу. 5-сентябрь, 2018-жыл.

Акыркы жылдары казакстандык ата-энелер "жоолугун чечпейм" деп көшөргөн кыздарын үйдө онлайн окутуп, же жеке менчик мектептерге берүүгө мажбур болгонун айтып келишет.

Ал арада Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом боюнча мамлекеттик комитети 2017-жылы намазканалар боюнча жаңы эреже киргизген.

Ага ылайык, темир жолдо, автобекеттерде, аэропорттордо жана порттордо намаз окуй турган жайларды ачууга уруксат берилген.

Расмий Нур-Султан мындан алты жыл мурун мамлекеттик жана коомдук жайларда намазканаларды ачууга таптакыр тыюу салган болчу. Бул кызуу талкуу жараткан жана "жарандардын дин эркиндиги чектелип жатат" деген дооматтар айтылган.

Тажик бийлиги кийим-кечектерди тыкыр текшерет

Ал эми Тажикстанда диний уюмдарга же дин кызматкерлерине карата ар кыл чектөөлөр бар. Тажик бийлиги да мектептерде жоолук салынууга тыюу салган. Президент Эмомали Рахмон өзү жарандарды сакал койбоого жана хижаб кийбөөгө чакырган жайы бар.

Былтыр Тажикстандагы мечиттердин имамдары музейлерге жана театрларга барып турууга милдеттендирилген.

Соңку кезде тажик бийлиги экстремизмге каршы чараларды көрүү максатында жаштарды өлкөнүн салт-санаасына жат кийимдерди кийбөөгө жана башка адамдардан үлгү албоого үндөп келет. Ошондой эле, Тажикстандын укук коргоо органдары негизинен сакалчандардан күмөн санап, көпчүлүк учурда тыкыр сурактан өткөрүп турганы белгилүү.

Биринчи жолу хижаб кийүүгө мусулман өлкөлөрдүн ичинен Түркия 1925-жылы тыюу салган, кийин бийликке Режеп Тайип Эрдогандын келиши менен окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде кийүүгө ураксат берилген.

Түркия демекчи, бул мамлекетте хижабды мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кийүүгө дээрлик 70-80 жыл тыюу салынып келген. Азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган жетектеген АК партия бийликке келгенден кийин гана бир катар талкуулардан соң тыюулар алынып салынды. Бирок коомдун кайсы бир бөлүгү бийликтин бул чечимин исламдашууга бет алуу катары баалап, катуу сындап келе жатат.

Кыргызстанда болсо жоолуктун айланасындагы талаш-тартыш бир нече жылдан бери бүтпөй келет. Ошентсе да Баш мыйзам боюнча ар бир атуул каалаган динин тутуп, каалаган кийимин кийгенге укугу бар.

Ал эми xижаб – араб сөзү, кыргызча которгондо оромол – башкача айтканда, аялдын башынан аягына чейин жапкан кийим. Соңку кезде хижаб саясий өңүт алып, аны жоолук менен алмаштыргандар арбыды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG