Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

COVID-19: Токиодо өзгөчө кырдаал жарыяланды


Токио шаары, 2-июнь 2021-жыл.
Токио шаары, 2-июнь 2021-жыл.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан Токиодо өзгөчө кырдаал жарыялады. Мындай чечим жапон баш калаасында өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына эки апта калганда кабыл алынды. Ага ылайык, Токиодо өзгөчө кырдаал 12-июлда башталып, 22-августка чейин созулат.

"Оор абалдагы бейтаптардын саны жана ооруканалардагы толуп калган керебеттердин көрсөткүчү төмөн болгонуна карабастан вирустун мутацияланган варианттарынын таасири эске алынышы керек. Биз инфекциянын өлкөнүн башка аймактарына жайылып кетишин алдын алуу үчүн чараларды күчөтүшүбүз зарыл", - деп билдирди 8-июлда жапон премьер-министри Ёсихидэ Суга.

Өзгөчө кырдаал толук карантин дегенди билдирбейт. Бирок Токиодо Олимпиада оюндарын стадионго кирип көрүүгө толугу менен тыюу салынат. Шаар тургундарына болушунча үйдөн чыкпоо режими сунушталат. Ошондой эле, алкоголдук ичимдиктерди саткан барлар, ресторандар жабык болот.

Эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам Олимпиаданын уюштуруучулары эң ири спорт иш-чарасынын эрежелерин ушуну менен бир нече жолу өзгөртүүгө аргасыз болуп жатат. Эки апта мурда эле уюштуруучулар стадиондордо жарым-жартылай көрүүчүлөр болорун билдирген. 8-июлда Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Токиого келди.

Жапониядагы сурамжылоолор көрсөткөндөй, элдин жана медиктердин көбү пандемия маалында Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн кесепетине тынчсызданып турат.

Пандемиядан улам бир жыл кийинкиге жылдырылган Олимп оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG