Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ооган өкмөтү талибдер чабуул койгон шаарга кошумча күч жөнөттү


Бадахшан провинциясынын Файзабад шаарындагы ооган аскерлери. 4-июль, 2021-жыл.
Бадахшан провинциясынын Файзабад шаарындагы ооган аскерлери. 4-июль, 2021-жыл.

Ооган өкмөтү талибдер чабуул койгон Бадгис провинциясынын борбору Калайи-Нау шаарына кошумча жүздөгөн аскерлерди жөнөттү. Ооганстандын Коргоо министрлиги шаардагы аскердик операциялар тездетилгенин 8-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, Калайи-Наунун бир катар аймактарындагы аба чабуулдарынан 69 талиб жоочусу мерт болуп, 24 жаракат алды. Бул маалымат боюнча "Талибан" комментарий бере элек.

Азырынча талибдердин чабуулдарынын мизи кайтарылганы толук белгисиз. Жергиликтүү тургундар аймакта куралдуу кармаш алигиче уланып жатканын айтышууда.

Бир күн мурда "Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-батышындагы провинциянын борборуна чабуул койгону белгилүү болгон. Жоочулар өкмөттүк имараттарды, полиция бекеттерин ээлеп алганы кабарланган.

Шаршембинин кечинде бийлик талибдердин ири соккусунун мизин кайтарышканын жарыялаган. Бул "Талибан" кыймылынын америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери кайсы бир ооган провинциясынын борборун бутага алган биринчи чабуулу болуп калды.

Ага чейин жоочулар Ооганстандын бир катар аймактарын, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстанга чектеш райондорду ээлеп калган. Мындай жагдай жүздөгөн ооган аскерлеринин Тажикстанга кире качышына түрткү берди.

XS
SM
MD
LG