Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

Мамкатчы Нурсултан Назарбаевдин айткандарына жооп берди


Чолпонбек Абыкеев. Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” маегинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин пикирине жооп берди. Ал Кыргызстан экономикалык жактан утурумдук кыйналганы менен демократиялык өзгөрүүлөр эң башкы жетишкендик экенин айтты.

“Казакстандын өзүнүн жолу, жетишкендиги, ал эми Кыргызстандын өз жолу, жетишкендиги бар. Мурдагы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан мамлекеттердин ичинен Кыргызстан демократиялык өлкө катары белгилүү болуп калды. Биздин жетишкендигибиз - демократиянын коомубузга терең орногону. Бирок Казакстандагыдай мунай, газ жок болгондуктан экономикалык жактан артта экенибиз чындык. Ошол эле маалда сырткы карызды жан башына эсептей келгенде Казакстандын карызы биздин өлкөдөн көп болбосо, аз эмес. Ошондуктан, Казакстандан деле мактана тургандай абалды көргөн жокмун. Бирок биз салыштырбай, буга чейинки тандап алган демократиялык жолдон чыкпашыбыз керек. Себеби, элдин мүнөзү, баалуулугу да ушуга туура келет”.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев соңку маегинде Кыргызстанга баасын берип, өлкөдө демократия болушу үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл экенин айткан. "Демократия курабыз деген коңшу өлкөдө 30 жылда эч нерсе жасалган жок", - деген Назарбаев.

Назарбаевдин акыркы билдирүүсүнө кыргыз бийлиги расмий түрдө жооп кайтарган жок.

Сөз эркиндиги, демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан алдыңкы орунду ээлейт.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча соңку отчетунда Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG