Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Токиодо Олимпиада объектилерине экскурсия кылууга тыюу салынды


Токио губернатору Юрико Коике жайкы Олимпиада оюндарынын объектилерине экскурсия кылууга, коомдук иш-чараларга тыюу салды. Мындай чара коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында колдонулууда.

Бул тууралуу губернатор 20-июнда премьер-министр Ёсихидэ Суга менен жолугуп чыккандан соң журналисттерге маалымдады. Экскурсияга багытталган жайлар вакцина алуучу жер катары колдонуларын The Japan Times басылмасы жазды.

Жапон өкмөтү Олимпиада өткөрүү аракетинен улам соңку күндөрү коомчулуктун катуу сын-пикирине кабылууда. Бийлик COVID-19 илдетинин жайылышын ооздуктай элек.

Коронавирустан улам жайкы Олимпиада Жапонияда 2020-жылы токтотулган. Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин президенти Сэйко Хашимото спорттук мелдеш 2021-жылы 23-июлдан 8-августка чейин өтөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG