Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Камчыбек Ташиев: азыркы бийлик революцияга эч качан жол бербейт


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында айрым жарандарды жана саясатчыларды бийликти сындаганы үчүн айыптады жана аларга чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал "азыркы бийлик мындан ары революцияга жол бербейт" деп айтты.

“Азыр биздин коом радикалдашып баратат. Саясий коркунучка чакырган жарандар көп. Алтургай ар кандай төңкөрүшкө чакырган адамдар бар. Мен учурдан пайдаланып аларга эскертип коеюн. Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын далилсиз жамандап, каралап жаткандар кайсы бир күнү жоопко тартылат. Биз ар бириңерди тизмектеп, белгилеп жатабыз. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламентте "Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер!" деп такай кыйкырып жатат. Баарыбыз жооп беребиз, ошонун ичинде сиз дагы, мыйзамсыз чакырыктарыңыз үчүн жооп бересиз. Азыр биринчи планга “саясий экстремизм” чыкты. Айрым саясатчылар чогулуп алып “күзүндө шайлоо болот, андан кийин төңкөрүш болот" деп жатат. Эч кандай революция болбойт. Биз, азыркы бийлик, элдик бийлик революцияга эч качан жол бербейбиз. Андан көрө революциясы жок эле өзүбүз кетип калабыз",-деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев былтыр парламенттик шайлоодогу нааразылыктан улам тутанган, бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан кийин УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Ички иштер министрлиги былтыр берген маалыматка караганда, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар боюнча жапырт башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү, жеке мүлккө зыян келтирүү жана башка беренелер менен беш-алты кылмыш иши козголгон. Азыркы бийликти сындап келген саясатчы Жеңиш Молдокматов камакка алынып, бир катар адамдар суракка чакыртылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG