Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

УКМК төрагасынын маалымат жыйынына бир катар журналисттер кирбей калды


УКМК имаратынын алдында күтүп турган журналисттер.
УКМК имаратынын алдында күтүп турган журналисттер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 8-июлдагы маалымат жыйынына Kaktus.media, Kloop.kg, Super.kg, "Азаттык", New.tv, Reporter.kg басылмасынын журналисттери кирбей калды.

Журналисттер аккредитация учурунда имараттын кайсы жеринен киргизери айтылбагынан белгилеп, Жибек-Жолу көчөсүндө күтүп турушканын айтышты. Алар Эркиндик көчөсүнө саат 15:30дар чамасында барган учурда имаратка киргизбей коюшкан.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттык” радиосуна мындай жооп берди:

“Эч кимди тандап киргизген жокпуз. Алдын ала Эркиндик 70 дарегине келгиле деп айтылган. Алар болсо Жибек-Жолу көчөсүнө туруп алышыптыр. Жарым саат эрте келиши керек экенин эскерткенбиз”, - деди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, анда Орхан Инанды, чек ара, коопсуздук, "коррупция" жана "мыйзамсыз баюу" беренелери боюнча кармалып, бошотулгандар тууралуу маалымат берди. (TSh)

XS
SM
MD
LG