Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Ошто жүк ташуучу унаа кураштырыла баштады


Кыргызстанда кураштырылып жаткан жүк ташуучу унаа
Кыргызстанда кураштырылып жаткан жүк ташуучу унаа

Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. Бул тууралуу завод жетекчиси Нурбек Осмонов "Азаттыкка" билдирди.

"Алгач элибиз көп колдонгон жүк ташуучу унааны алып келип курайлы деп чечтик. Бул унаалардын баасы азырынча чечиле элек, бухгалтердик бөлүм азыр эсептеп жатат. Эгер бул унаалардын базарга өтүмү жакшы болсо авто унаанын башка түрлөрүн да жасайбыз", - деди Нурбек Осмонов.

"Кыргыз унаа курулуш" заводу 2018-жылы ишке кирип андан бери электр эсептегич, трансформатор жана тез жардам унаасын чыгарышкан. Ишканада учурда 500дөй кызматкер эмгектенет. Ал эми завод толук ишке киргенде жумуш орундарынын саны беш миңге жетет деп пландалган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG