Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:56

Назарбаев: Кыргызстанды аяп кетем


Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев соңку маегинде Кыргызстанга баасын берип, өлкөдө демократия болушу үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл экенин айтты. "Демократия курабыз деген коңшу өлкөдө 30 жылда эч нерсе жасалбады" дейт Назарбаев.

Назарбаевдин мындай баасы Кыргызстан парламенттик башкаруудан күчтүү президенттик системага өткөн учурга туура келди.

1990-жылдардын башында “Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы” аталып, үч жолу күч менен бийликти алмаштырган өлкөдө демократия куруу аракети кубаттуу экономика түптөөгө таасир эттиби? Назарбаевдин соңку баасына Кыргызстандагы пикирлер кандай?

6-июлда 81 жашка толгон Нурсултан Назарбаев туулган күнүнүн алдында катар-катар маектерди куруп, ал жөнүндө тасмалар жарык көрдү.

Казакстанды 29 жыл башкарган мурдагы президент мааракесинин алдындагы маектердин биринде өз өлкөсүнүн эгемендик жылдардагы жетишкендиктерине токтолуп, алгач экономиканы өнүктүрүү зарылдыгын билдирди.

“Батыш моделиндеги демократияны курабыз. Ал үчүн кубаттуу экономиканы түптөш керек”, - деген Назарбаев Кыргызстанды мисал тартты.

Жакырчылыктан арылбай туруп демократия курулбайт. “Демократиянын аралчасы” делген Кыргызстанды аяп кетем. Бизге жакын эл, бир тууган эл. Бирок акыркы 30 жылда Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы?

“Демократия дегенде, адамдын иштеген иши, үстүндө үйү болуп, үй-бүлөсүн кыйналбай багышы керек. Ошондо гана демократия десек болот. Жакырчылыктан арылбай туруп демократия курулбайт. “Демократиянын аралчасы” делген Кыргызстанды аяп кетем. Бизге жакын, бир тууган эл. Бирок акыркы 30 жылда Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы? Ошондуктан, экономика жашоонун өзөгү. Экономика адамдардын жашоосу, жыргалчылыгы. Биз айтылгандарды жасашыбыз керек, жасап жатабыз”.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы окуяларга буга чейин деле баасын берип келген. Кыргызстанда улам күч менен бийлик алмашканда, ал Казакстанда "саясий, экономикалык туруктуулук бар экенин" баса белгилечү.

"Жетишкендигибиз демократия"

Назарбаевдин акыркы билдирүүсүнө кыргыз бийлиги расмий түрдө жооп кайтарган жок.

Мамлекеттик идеологияны тейлейт деп кайрадан түзүлгөн жаңы кызмат - мамлекеттик катчылыкка өткөн аптада дайындалган Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” маегинде, Кыргызстан экономикалык жактан утурумдук кыйналганы менен демократиялык өзгөрүүлөр эң башкы жетишкендик деди.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Казакстандын өзүнүн жолу, жетишкендиги, ал эми Кыргызстандын өз жолу, жетишкендиги бар. Мурдагы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан мамлекеттердин ичинен Кыргызстан демократиялык өлкө катары белгилүү болуп калды. Биздин жетишкендигибиз - демократиянын коомубузга терең орногону. Бирок Казакстан сыяктуу мунай, газ жок болгондуктан экономикалык жактан артта экенибиз чындык. Ошол эле маалда сырткы карызды жан башына эсептей келгенде Казакстандын карызы биздин өлкөдөн көп болбосо, аз эмес. Ошондуктан, Казакстандан деле мактана тургандай абалды көргөн жокмун. Бирок биз салыштырбай, буга чейинки тандап алган демократиялык жолдон чыкпашыбыз керек. Себеби, элдин мүнөзү, баалуулугу да ушуга туура келет”.

Казакстандын мурдагы президентинин соңку билдирүүсү Кыргызстан парламенттик башкаруудан баш тартып, күчтүү президенттик системага кайткан учурга туш келди.

Былтыр октябрда кезектеги элдик толкундоонун арты менен бийликке келген Садыр Жапаров баш болгон учурдагы жетекчилер Конституцияны өзгөртүп жатканда дал ушул жүйөнү карманып, элдин жашоосу оңолуп, мамлекет кубаттуу болгондо гана парламенттик демократия куруу мүмкүн экенин айткан.

Президент Жапаров коңшу өлкөлөргө иш сапары менен барганда дагы "алар Кыргызстандан 30 жылга алдыга кетиптир" деп суктанган жайы бар.

Ошол эле маалда коомдо экономикасы өнүккөн мамлекет курабыз деген шылтоо менен канча жылдан бери алпурушуп келе жаткан баалуулукка маани берилбей калбайбы деген чочулоо да айтылып келет.

Дал ушундай шартта Назарбаевдин "1990-жылдардын башынан тарта эле демократиянын курабыз деген Кыргызстанда 30 жылда эч нерсе жасалган жок" деген баасы кыргыз коомчулугунда ар түрдүүчө кабыл алынды.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Назарбаев айткан айрым жүйөлөргө кошулат. Бирок демократия экономикага каршы коюлбашы керек деген пикирде.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Албетте, ар бир кишинин көз карашы болот. Коңшу өлкө мурдагы башчысы кайсыл бир жактан жогору турганын айткысы келгени түшүнүктүү. Бирок Назарбаевдин айтканынын да чындыгы бар. Соңку кезде өлкөнүн абалын карасак, биздин жарандар иш издеп, башка өлкөлөргө, анын ичинде Казакстанга барып жатканы белгилүү. Аларда жарандары башка жакка кеткен процесс көп байкалган жок. Ошондуктан ушул нерселерди белгилеп жатса керек. Бирок географиялык абалды да эске алыш керек. Көп учурда демократия дегенде эле коңшулар биздеги ыңкылаптарга көңүл буруп, өтүп кетеби деп чек араларын жапканын билебиз. Бул дагы эми саясат. Бирок экономиканы өнүктүрүү үчүн демократия эч жолтоо болбойт”

Кулов айтып жаткан "ыңкылап чек арадан өтүп кетеби" деген чочулоолор Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жетекчилерин чынында эле тынчсыздандырган.

Соңку 15 жылда үч ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстан чөлкөмдөгү парламенттик демократияга өтөрүн жарыялаган жалгыз мамлекет болчу.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан кийин бийликке келгендердин мындай дымагын айрым коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери ачык сынга алган. Алар учурда парламенттик система аркылуу бийлик тең салмактыгын камсыздап, туруктуулук болот деген Кыргызстан 10 жыл өтпөй аймактагы супер президенттик башкаруудагы өлкөлөрдүн катарына кайра кайтып барды.

Коңшуга сын тагуу - авторитаризмди актоо аракетиби?

Казакстандык оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов Кыргызстандагы жарандык коомдук активдүүлүгүн, демократияга умтулуусун аймактагы башка өлкөлөрдүн лидерлери жактыра бербейт деген пикирде.

“Мындан улам Назарбаев Кыргызстандагы саясий процесс, окуяларды өз жарандарына коркунуч катары көрсөтүүгө көнгөн” дейт казак саясатчысы:

Амиржан Косанов.
Амиржан Косанов.

“Кыргызстандагы акыркы окуяларды сындоого каршымын. Анткени, ал кыргыз элинин тандоосу. Кандай болсо да ар бир өлкөнүн экономикалык формациясы, саясий жолу бар. Биз Кыргызстанды дале болсо чөлкөмдөгү "демократиянын аралчасы" деп билебиз. Албетте, акыркы учурда парламенттик системадан баш тартып, Казакстанга окшоп супер президенттик башкарууга өткөнү тынчсыздануу жаратты. Менимче, Нурсултан Назарбаев өз саясатын актагысы келет. Бизде 30 жылда авторитардык бийлик орноп, адилет шайлоо өтпөй келет, парламенттин ролу өтө төмөн. Жарандар саясатка толук катыша албай, бир адамдын айтканына, коньюктуралык чечимдерине жараша саясат жүрүп жатат. Ошондуктан, Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү сындоо туура эмес”.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн экономикалык абалына баам салганда Кыргызстандын көрсөткүчтөрү начар. Муну эл аралык Валюта фондунун эсеби боюнча чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички дүң продукциясынын жан башына түшкөн көлөмүнөн эле көрсө болот. Маселен, 18 миллион калкы бар Казакстанда ички дүң продукциясы киши башына 9 миң долларды түзсө, Кыргызстанда бул сан 1,3 миң доллардын тегерегинде. Соңку жылдары тездик менен өнүгүп жаткан Өзбекстандыкы 1,8 миң доллар болсо, Тажикстанда 800 долларды түзөт.

Эксперттер Кыргызстандагы соңку жылдардагы саясий туруксуздуктан улам ири долбоорлор, реформалар ишке ашпай, өлкө инфраструктурасы эскиргенин белгилешет.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргызстандагы соңку көйгөйлөргө демократиялык башкаруу эмес, өлкөнү жетектегендердин ошол нуктан тайып, коррупциялык жолго түшкөнү себеп дейт.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Бизде ар бир келген эле бийлик коррупцияга малынып, жакындарын, досторун, үй-бүлө мүчөлөрүн аралаштырып, бийликти эффективдүү колдоно албай жатат. Башынан эле ушундай кыйшык отуруп калышкан. Болбосо биздин демократиябыз өнүгүп, экономикабыз да өсүп, бат эле өнүкмөкпүз”.

Нурсултан Назарбаев айтып жаткан “Кыргызстан Борбор Азиянын демократиялык аралчасы” деген сыпаттама 1990-жылдардын башында көп айтылчу. Өлкө эгемендик алганда кыргыз бийлиги жарандык коомду өнүктүрүү, сөз эркиндигин бекемдөө, демократиялык баалуулуктарды өркүндөтүүгө кызыкдар экенин айтып келген. Андан берки 30 жыл аралыгында үч ирет элдик толкундоолордун жыйынтыгында бийлик алмашып, саясий олку-солкулук уланууда.

Кыргызстан чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу жарандардын бийликке аралашуу, таасир этүү деңгээли жогору экени эл аралык уюмдар белгилеп келет.

Сөз эркиндиги, демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунду ээлейт.

Маселен, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча соңку отчетунда Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.

Бирок акыркы окуялар, бийликтин мамилесинен улам бул көрсөткүчтөр начарлап бара жатканы тынчсыздануу жаратып келет.

Быйыл Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Бул уюмдун изилдөөчүсү Майкл Смельцер бул жаатта олуттуу чочулоолорго негиз бар экенин “Азаттыкка” айтып берген:

“Кыргызстанды дале "демократиянын аралчасы" деп айтуу абдан кыйын. Кыргызстанда өтө жигердүү жарандык коом бар. Ал чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан күчтүү. 2020-жылы жарандык коомдун чечкиндүүлүгүн көрдүк. Октябрь айындагы шайлоодон кийинки башаламандык маалында жарандык коомдун өкүлдөрү коопсуздукту камсыздоого активдүү аралашты. Андыктан өлкөдө демократияга кам көргөн адамдар бар. Бирок өкмөт, жергиликтүү бийлик же сот системасы сыяктуу мамлекеттик институттарды жана шайлоо процесстерин ачык-айкын же демократиянын стандарттарына төп келет деп айтуу кыйын”.

81 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-2019-жылдары башкарган. Ал жетектеп турган учурда өлкөсүнүн экономикасы өсүп, дүйнөнүн 50 өнүккөн экономикасына кошулабыз деген дымактуу план коюлган.

Мунай жана газга бай Казакстандын соңку жылдардагы ийгилигине минералдык байлыктарынын эсебинен жетишти деген пикирлер арбын. Ошол эле учурда казак оппозициясы Назарбаевди "авторитардык башкарууга ыктап, үй-бүлөлүк коррупциялык система түзгөн" деп айыпташат.

Нурсултан Назарбаевдин маеги тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы даярдаган видео.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG