Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:03

Бишкектин жообуна Астана ынаган жок


Президент Алмазбек Атамбаевге казак президенти Нурсултан Назарбаев "Достык" орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 17-февралда «Евроньюс» телеканалына берген маеги учурунда айткан сөзү Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда түшүнбөстүк жаратты.

Буга байланыштуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нота тапшырып, билдирүү жөнөтүштү. Кыргыз тарап 2010-жылдагы апрель окуяларынан соӊ Казакстандын чек араны жапканы өлкөнү оор кырдаалга кептегенин далилдөөгө аракет кылса, Астана муну четке кагып, нааразылыгын билдирди.

Маектен чыккан маселе

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» каналына берген маегинде өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун комментарийлеп жатып, 2010-жылдагы кырдаалды эстеген:

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коңшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБге кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектешкен чек арабыз жок деп ачык айтышты.

Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" каналына маек берүүдө. 17-февраль
Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" каналына маек берүүдө. 17-февраль

Президенттин экономикалык блокада жөнүндө мисалы Казакстанда нааразылык жаратты. Коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары чек аранын жабылышынан адам курмандыктары болгон деген Атамбаевдин сөзүн сындап чыкты.

Ал эми 21-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Казакстандын Бишкектеги элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, президенттин айткандары боюнча түшүндүрмө берди.

Жолугушуу тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:

- Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаевдин «Евроньюс» каналына берген маеги боюнча пикир алмашылды. Анда министрдин биринчи орун басары Кемелова 2010-жылдагы окуялардан кийин кыргыз-казак чек арасы жабылган учурда кыргыз жарандары дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу казак элчисинин эсине салды.

Кемелова чек ара жабылган учурда кыргыз жарандары Чу суусун кечип өтүүгө аргасыз болгонун, бир ымыркай чарчап калганын мисал келтирген.

Астана сураган түшүндүрмө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бул түшүндүрмөсүнө казак тараптын жообу көп күттүргөн жок. Кыргызстандын Казакстандагы убактылуу өкүлү Кайнарбек Токтомушев ​Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага нота тапшырылды. Анда алар кыргыз президентинин сөзүнө "таң калганын жана макул эместигин" билдиришкен.

Ошондой эле коӊшу өлкө 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Кыргызстандагы абалды турукташтырууга көмөк көрсөткөнүн, ошол учурда ЕККУнун төрагасы катары атайын өкүл жиберип кабар алып турганын баяндаган.

"Бүгүнкү күнгө чейин расмий Бишкек ар кыл деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө "блокада жана адам курмандыктары" тууралуу маселени көтөргөн эмес. Казак тараптын пикири боюнча билдирүүнүн азыр айтылышы анын конъюнктуралык максаты бар экенин күбөлөндүрөт" деп айтылат казак дипломатиялык мекемесинин билдирүүсүндө.

Ошентип коңшу, өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы нааразылык ар түркүн пикир жаратып, окуя мындан кийин кандай өнүгөт деген кызыгууну пайда кылууда.

Негизи апрель ыңкылабынан кийин Казакстандын чек ара бекеттерин жапканы кыргыз саясий чөйрөсүндө айтылып келсе да, эки мамлекет ортосунда талкууга түшө элек болчу.

"Таарынычтар - утурумдук"

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаевдин айтымында, президенттин билдирүүсүнө коңшу өлкөнүн нааразы болушуна негиз жок эле:

- Эми бул жерде биздин президент болгонун болгондой айтпадыбы. Чындап эле чек ара жабылып калды. Өлкөдө ыӊкылап болуп, кыйын кырдаалда турганда кошуна, бир тууган мамлекет катары бизге туура эмес мамиле кылып коюшкан. Ал учурда айрым ооруган адамдар чек арадан өтө албай, кыйынчылыкка тушуккан. Ошондуктан, болчу нерсе болду. Мен буга нааразы болуунун ордуна тиешелүү сабак алышы керек деп ойлойм.

Ал эми казакстандык саясат таануучу Айдос Сарымдын пикиринде, мындай кырдаалдын жаралышы эки өлкөнүн саясий элитасынын ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктерден кабар берет. Бирок эксперт кыргыз тарап нааразылыкты өз билдирүүлөрү менен өрчүтүп алды деген ойдо:

- Атамбаев жакында бийликтен кеткени жатат. Бул жагынан "аксак өрдөккө" салыштырсак болот. Мындан улам анын билдирүүсүнө көп маани бербей деле койсо болмок. Бирок кыргыз тышкы саясат мекемеси кырдаалды курчутпай балким демократиялык же деликаттуу түшүндүрмө берсе, маселе деле чыкмак эмес.

Айдос Сарым.
Айдос Сарым.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубеков эки өлкө ортосундагы мамиле начарлайт деп чочулабай койсо болорун айтууда:

- Эми мындай нота алмашуулар болуп турат. Күнүмдүк турмуш сыяктуу эле айрым маселелерди тактап туруу керек. Эки тарап өз ой-пикирин бири-бирине айтып беришти. Мындан эки өлкө мамилеси бузулат дегенге деле болбойт. Бирок дипломат катары президент ушул сыяктуу маектерди берүүдө айрым аялуу темаларда дипломатиялык принциптерди сактап кетиши ашыкча болбойт деп айткым келет.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы нааразылык Евразия экономикалык биримдигине кирген бул өлкөлөрдүн чек арасындагы айрым чектөөлөр алынбай жаткан учурга туш келди.

Ушу тапта кыргыз товарлары үчүн Казакстандын чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алына элек. Ошондой эле фитосанитардык көзөмөл жаатында маселелер утур-утур чыгып келет.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кыргыз-казак чек арасында маселелер бар экенин казак президенти Нурсултан Назарбаев Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен акыркы сүйлөшүүсүндө да белгилеген.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү эл аралык дипломатияга туура келеби? Коңшулар менен жети жыл илгери болгон маселени Европада көтөрүү канчалык зарыл эле? Саясат таануучу, мамлекеттик башкаруу боюнча адис Сейтек Качкынбаевге суроо узаттык.
"Президенттин сөзү акындардын айтышы эмес"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG