Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:16

Сатпаев: Кыргызстан аймактагы "ак карга"


Саясат таануу илимдеринин кандидаты Досым Сатпаев.

Кыргызстандагы референдум Борбор Азиядагы башка элдик добуш берүүлөрдөн эмнеси менен айырмаланды?

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Кыргызстанда 11-декабрда өткөн референдумдун күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштү. ​

"Азаттык": Кыргызстанда 11-декабрда өткөн референдумга жана Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө сиз кандай баа бердиңиз?

Досым Сатпаев: Кыргызстан 2005-жылдан тарта кызыктуу эксперименттерди өткөрүп келатат. Соңку референдум андай эксперименттердин бири. Борбор Азияда биринчи жолу саясий башкаруунун башкача бир моделин түзүү аракетин көрүп жатабыз. Коңшуларында бекем президенттик жана авторитардык система орноп турса да, Кыргызстанда парламенттик система түзүү аракети жүрүп жатат.

Астанада бул референдум саясат таануучулардын кызыгуусун жаратты. Бул процесс кандай өнүгөрү да кызык болуп турат. Албетте, бул референдум бардык маселелерди чечип, Кыргызстанга саясий стабилдүүлүктү орнотот дегенди билдирбейт. Анын үстүнө кийинки жылы өлкөдө президенттик шайлоо өткөнү жатат. Анда ар кандай саясий жагдайлар түзүлүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда бир нерсени түшүнүү керек. 2005 жана 2010-жылдардагы эки жолку бийлик алмашууга карабастан, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн сактап калды. Айрымдар жоромолдогондой өлкө ыдыраган жок.

Мен бул референдум президент Атамбаевдин кезектеги саясий оюну эмес, парламент жана президенттин ортосундагы балансты түзүү аракети деп ишенгим келет.

Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө, 11-декабрь.
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө, 11-декабрь.

“Азаттык”: Быйыл коңшу Тажикстан да Конституциясын өзгөртүп, президент Рахмонго каалашынча президенттик жарышка катышууга шарт түзүлдү. Түркмөнстандагы референдумда болсо президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарды. Кыргызстандагы референдум Борбор Азиядагы башка элдик добуш берүүлөрдөн айырмалана алабы?

Досым Сатпаев: Чындыгында кыргыз референдумунун Борбор Азиядагы башка референдумдардан айырмасы чоң. Кыргызстан региондогу "ак карга" сыяктуу. Анткени Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө референдумдар ар кыл ыкмалар менен кызматтагы президенттердин мөөнөтүн узартууну максат кылса, Кыргызстанда тескерисинче, премьер-министрге кошумча ыйгарым укуктарды берип, кайсы бир деңгээлде президент экөөнүн ортосундагы тең салмакты сактоо үчүн өтүп жатат. Бул өтө олуттуу айырма.

Чындыгында кыргыз референдумунун Борбор Азиядагы башка референдумдардан айырмасы чоң. Кыргызстан региондогу "ак карга" сыяктуу.

Жакында казак президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын башкаруу системасын башка бир формага өткөрүү ыктымалдыгын билдирди. Бул жерде президенттик-парламенттик система жөнүндө кеп болуп жатышы мүмкүн. Бирок Назарбаев ага азырынча убакыт келе электигин айтып келет. Деген менен Кыргызстандын мисалы, айрым саясий процесстерди баштай берсе болорун көрсөтүп жатат. Анткени Казакстан сыяктуу эле Кыргызстандын деле парламенттик системаны орнотуу боюнча тажрыйбасы жок эле.

Акаевдин учурунда деле “эл демократияга даяр эмес, президенттик башкарууну сактап калуу керек” деген пикирлер болгон. Бирок биз көргөндөй, Кыргызстанда эл кайсы бир маанайда акылмандыкты көрсөттү. Жок дегенде бул референдум азырынча тынч өтүп жатат. Ушунтип улана берет деп ишенип туралы. Кантсе да бул референдум саясий такшалгандыкты көрсөттү окшойт.

Бишкектеги шайлоо бекети.
Бишкектеги шайлоо бекети.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандагы референдум жана ага байланыштуу процесстер коңшуларга үлгү болот деп ойлойсузбу?

Досым Сатпаев: Андай деп ойлобойм. Тескерисинче, Кыргызстан Борбор Азиянын башка лидерлеринин жана саясий элитасынын жинин келтириши мүмкүн. Бир тараптан алар өлкө туруктуу болушун каалашат. Экинчи тараптан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн саясий элитасы Кыргызстанда бийликтин элдин чечими менен алмашканына терс мамиледе. Алар мындай форма өз өлкөлөрү үчүн "жакшы өрнөк" болбой турганын билишет. Андыктан эгер Кыргызстанда парламенттик система иштеп кетсе, “эл демократияга даяр эмес” деген башка лидерлерге урулган сокку болот.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүүгө Кыргызстандагы бир катар саясий күчтөр, оппозиция өкүлдөрү каршы чыгышкан. Буга карабастан шайлоочулардын 80 пайызы жаңы өзгөртүүлөрдү колдоп, добуш беришти. Муну административдик ресурс менен байланыштыргандар да бар. Ошентсе да, эмне үчүн шайлоочулар бул референдумда оппозициянын үнүн уккан жок?

Досым Сатпаев: Менимче, көпчүлүк кыргызстандыктар азыр туруктуулукту каалашат. Алар бийлик алмашуусу сөзсүз түрдө эле чоң өзгөрүүлөргө алып келбестигин билип калышты. Балким алар митингдерди уюштуруп, бийликти күч менен алмаштыргандан көрө референдум артык деп ойлошту. Оппозициянын коомдук пикирди өзгөртө албаганы калктын кайсы бир катмары оппозициядан деле көңүлү калганын көрсөтүшү мүмкүн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG