Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Адвокат: Инандыга жолугууга мүмкүнчүлүк боло элек


"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды учурда Анкарадагы Терроризмге каршы бөлүмдө кармалып турат.

Бул тууралуу анын адвокаты жана күйөө баласы Халил Ибрахим Йылмаз “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Адвокаттын айтымында, учурда Инанды менен жакындарынын жолугуусуна уруксат бериле элек.

- Йылмаз мырза, Орхан Инандынын иши учурда Кыргызстанда кызыгуу жаратууда. Сиз тууганы жана адвокаты катары ал иш менен алектенип жатыптырсыз. Учурда Орхан Инандынын абалы кандай? Сиз аны менен жолуктуңузбу?

- Мен шейшемби күнү Анкарага келдим. Ал азыр бул шаардагы Терроризм менен күрөшүү бөлүмүндө кармалып турат. Орхан Инанды кармалган бөлүмгө барып, бирок жолуга алган жокмун. Анын ишинде «жашыруун» деген гриф болгону үчүн чектөө бар дешти. Кийим-кече, буюм-тайым берип жиберүүгө гана мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнтөн баштап менден сырткары Анкарадан дагы бир адвокат бул иш боюнча иштей баштады. Балким кийинки аптада жолугууга мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнүп жатабыз. Мындан ары коопсуздук органдары тергөө жүргүзүп, прокуратура иш алып барат. Андан соң сот чечими чыгат.

- Кыргызстандан Түркияга кантип алып келингени боюнча маалыматыңыз барбы?

- Жок, эч кандай маалыматыбыз жок. Туугандары деле көпчүлүк сыяктуу эле дайынсыз жок болгонуна тынчсызданып жатканбыз. Президенттин билдирүүсүнөн соң анын бул жакта экенин билдик. Кийин көрүшсөк балким кандай келгенин билет чыгарбыз.

- Көрсөтүлгөн сүрөттөрдө Кыргызстандагы тарапкерлери сабалышы мүмкүн деп чочулап жатышат. Андай маалымат жокпу?

- Азыр жолуга элек болгондуктан ачык айта албайм. Бирок сүрөт, видеолордон анын кыйноого алынганы көрүнүп эле турат.

- Ага кайсы берене боюнча айып тагылганы белгилүү болдубу? Кылмыш иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк болдубу?

- Жок, азыр кылмыш ишин берише элек. Жашыруун деген үчүн үч айга чейин да бербей коюшу мүмкүн. Кандай айып тагылганын деле билбейбиз. “Террордук уюмга тиешеси болгон” деп кылмыш ишин козгошу мүмкүн деп ойлойм.

- Кыргызстандын өкүлдөрү жолугат элек деп кайрылыштыбы?

- Ал боюнча маалыматым жок. Менин азыркы эң башкы милдетим, адвокаты катары аны менен жолугуп, ал-абалын билүү болуп турат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG