Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Ош: милиция добуш сатып алууга шектүүнү кармаганын билдирди 


Шектүү кармалган учурда тартылган сүрөт. 
Шектүү кармалган учурда тартылган сүрөт. 

Ош шаардык милициясы 10-июлда күндүзгү саат бирлер чамасында добуш сатып алууга шектүү дагы бир партиянын өкүлүн кармады. Мекеменин басма сөз кызматы кармалган киши бир добушту 2000 сомдон соодалаганын билдирди.

Жанынан 37 миң сом, партияга таандык күбөлүк, жарнамалык баракчалар табылганын маалымдады. Күч органдары кылмышка шектүү аял кайсы партиянын өкүлү экенин тактаган жок.

Коомдук тармактарда ал «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү экени айтылып, милиция кармаган учурдагы сүрөттөр жарыяланууда. Аталган саясий бирикменин маалымат катчысы Камил Сыдыков кармалган кишинин партияга тиешеси бар экенин ырастап, анын жанындагы акча өзүнө таандык экенин кабарлады.

Бул - Оштогу добуш сатып алууга шектелип кармалган төртүнчү учур. Буга чейин эки партиянын бирден талапкери да добуш соодалоого шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо болот. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG