Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

COVID-19: Дагы тогуз адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 11-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан тогуз бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 102​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 761 киши. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 139 648 адамга жетти. Андан 118 008 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 636 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 204 бейтаптын абалы өтө оор, 1 322 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

Андан сырткары 11-июлга карата маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү өлкө боюнча 129 175 киши эмделди. Алардын 84 079у вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Ал эми 24 сааттын ичинде 1 004 киши вакцинациядан өтсө, алардын 448и экинчи дозаны алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG