Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Сарыбашов: Шайлоодон кийин мэр болуп келүү ниетим бар


Таалайбек Сарыбашов.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 11-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал шайлоодон кийин кайрадан мэр болуп келүү ниети бар экенин айтты.

“Кайрадан мэрлик кызматка барам деген ниетим бар. Эми муну шайланган депутаттар чечет. Алар сунуштаса барам”, - деди Сарыбашов.

Ал бүгүн шайлоого күндүн ысыктыгына байланыштуу эл аз келерин божомолдоду. Мындан сырткары административдик ресурсту колдонуу боюнча дооматтарды четке кагып, шайлоо таза өтөрүн айтты.

Таалайбек Сарыбашов 2018-жылы Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган. 2020-жылы октябрь окуяларында жумуштан кетип, өлкөдө саясий кырдаал турукташкандан кийин кайра кызматына кайтып келген.

11-июлда Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG