Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

УКМК: добуш сатып алып жаткан “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалды


Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) 10-июлда добуш сатып алууга аракет кылган деген айып менен “Эмгек” партиясынын “К.Е.А” аттуу өкүлү кармалганын билдирди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) менен катталып, тергеп-иликтөө башталды.

“Кармалган "К.Э.А." "Эмгек" партиясынын «Р.у.Т.» аттуу талапкеринин көрсөтмөсүнө ылайык, МТУ-2де шайлоочуларга 1000 сомдон таратып жаткан. Тинтүү учурунда анын жанынан 10 миң сом жана шайлоочулардын акча алганы тууралуу белгиси коюлган тизме табылган”, - деп айтылат маалыматта.

"Эмгек" партиясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Ош шаарында добуш сатып алууга шек саналып эки талапкер жана партия өкүлдөрү кармалган.

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат. Аталган шаарларда 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам жокко чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG