Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саат 12ге карата добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, түшкө чейин 77 026 адам, тактап айтканда добуш берүүчүлөрдүн 12,47% катышты.
Бишкек шаарында 39 271 (9,20%), Ошто 30 940 (20,26%), ал эми Токмокто 6 815 (17,89%) шайлоочу келди.
БШКнын эсебине караганда, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.