Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык прокуратурасы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери коррупциялык схема түзүп, чет өлкөдөн келген автоунааларды мыйзамсыз каттап жүрүшкөнүн аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынганы менен "Унаа" ишканасынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мыйзамды бузуп 16 автоунааны каттоого алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 14 миллион 340 миң 297 сом зыян келтирилген.

Бул факты Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG